“Конституция тууралуу таймаш кайра башталды” деп жазат Neue Zurcher Zeitung Кыргызстанда Конституциялык Соттун ноябрь жана декабрь конституцияларын жокко чыгаруу тууралуу кабыл алган чечиминен кийин өлкөдө пайда болгон башмыйзамдык вакуумга сереп салып.“Өлкө эми 2003- жылдагы конституция менен башкарылмай болду” деп билдирилген макалада Президент Курманбек Бакиевдин кийинки аралыкта айткан сөздөрүнө талдоо жасоо менен “өзүнүн ыйгарымдуу укуктарын жаңы конституция аркылуу күчтөндүрүүгө умтулбаганына караганда ал конституция жөнүндөгү өткөндө болгон талаш-тартыштардан кыйла сабак алган көрүнөт. Казак варианты менен өзүнүн партиясын түзүү жана парламентке өзүнүн партиялаштарын алып келүү тууралуу айткан сунушуна жараша ал өзүнүн түндүктөгү кесиптеши казак президенти Назарбаевдин ыкмасын өрнөк кармап, бийликти бир колго топтоо аракетин көрүп жаткан сыяктанат” деген пикир айтылат.
“Темир Жибек Жолу чындыка айланууда” деп жазат Turkish Daily News гезити аптанын соңунда чыккан санында. Гезиттин сүйүнчүлөө маанайында жазган кабарында, Түркиянын өкүмөтүнүн өлкөнү Борбор Азия жумуруяттарына байланыштыра турган Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун Түркиядагы бөлүгүн куруу долбоорун тендерге коюусу себепчи болгон. Арменияны тегеректеп өтө турган бул темиржол Түркия, Грузия жана Азербайжандын экономикаларынын интеграцияланышында маанилүү рол ойноору тууралуу айтылган пикирлерге орун берилген макалада, бул темиржол Түркиянын Орто Азия жумуруяттары менен байланыштарына дагы жаңыча дем берери бышыкталган.
Лондондун Financial Timesы Борбор Азиянын үстүнөн Кытайды Европага байланыштыра турган ири кан жолду куруу тууралуу үстүбүздөгү айда Манила калаасында Кытай жана Борбор Азия аймагына жамаатташ 7 өлкөнүн өкүмөт кызматчылары ортосундо макулдашылган план тууралуу билдирет. Гезиттин жазышына ылайык, 19.2 миллиард доллар чыгымдоону болжогон бул план ноябрда Душанбе калаасында министрлер деңгээлиндеги жыйында формалдуу келишимге айланат. Ага Кытайдан сырткары, Казакстан, Кырыгызстан, Өзбекистан, Тажикстан, Афганистан, Азербайжан жана Монголия катышмакчы.
International Herald Tribune, Өзбекстанда 23- декабрда президенттик орунга шайлоолор өткөрүлөрүн, бирок авторитардык президент Ислам Каримов үчүнчү мөөнөткө талапкердигин коюп койбосу али белгилүү эмес экенин жазат. Jerusalem Post гезитинде “ХизбутТахрирдин кайра туулушу” деген баш сөз менен чыккан бир макалада “мынан 54 жыл мурда Йерузалим шаарында түзүлгөн бул исламчыл уюм исламды мындан ары жаюу максатында Жакынкы Чыгышта Халыйпаттык түзүүгө умтулуп келатканы бышыкталат. Аталган уюмдун жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө өзгөчө Өзбекстандагы иш аракеттерине сереп салынып, макалада өткөн жакын арада Германияда аба майдандарында бомба жардырар алдын кармалган террорчулардын экөөсүнүн теги өзбек экенине көңүл бурулат.
WSJ гезитинде жазган макаласында комментатор Гуй Чазан Казакстанда батыштык мунай компаниялары менен Астана өкмөтүнүн ортосундо өөрчүп бараткандыгы байкалган чыр-чатактарга талдоо жасаган. Казак сенатор Гани Касымовтун, “айлана чөйрөгө чоң зыян жеткизгендиги себептүү Теңгиз-Шеврон консорциумунун иши жабылсын” деген талабын Казакстандагы өрүш алып бараткан улутчулдуктун алааматы катары жоруган автор Казак өкүмөтүнүн өткөн айда экологиялык зыяндарды себеб кылып көрсөтүп, Кашагандагы ЭНИ фирмасынын операцияларын токтотуп койгонун эске салат.