Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

МАСКӨӨДӨ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭГЕМЕНДИК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ


Москвада Кыргызстандын күңкорсуздукка жеткен күнүн белгилөө каадасы болуп өттү. Аны Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштуруп өткөрдү. Салтанатуу каадага Орусияга эки күндүк ырасмий иш сапары менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев да катышкан.

Кыргызстандын күнкорсуздукка жеткен күнүн белгилөөгө москвалык кыргыздар жана москвалык ырасмий чөйрө өкүлдөрү катышып өтүп жүрөт. Ал ырасмий той кийинки жылдары үзбөй өткөрүлүп калганга байланыштуу ага адамдар өзүн гана көргөзбөй, өзгөнү көргөнү барчу жакшы салтка айланып бараткандай.

Быйылкы кыргыз элинин азаттыкка жеткен күнүн майрамдоо 21-сентябрда Орусиядагы Кыргызстандын элчисинин милдетин аткаруу убактылуу ыйгарылган Раимкул Аттокуровдун кириш сөзү менен ачылып, анын артынан жумурият атына алкоо сөздөр айтылды. Ал кептерде Кыргызстанды бойго жетип калган 16 жаштагы кызга теңөө болду.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев мырза ал жерде айткан кебинде анын иш сапары майнаптуу болгонун белгиледи. Бул кептин артында кандай шаани жатканы мурунку күнү белгилүү болгон.

20-сентябрде Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев өзүнүн кесиптеши Орусиялык МИД жетекчисинин милдетин аткаруучу Сергей Лавров менен жолугушуп 2008-жыл үчүн кыргыз-орусиялык кызматташуу программасына колдорун коюшкан. Ал документте эки мамлекет экономикадагы алакасын чогуу өнүктүрөт, эл аралык уюмдар алкагында да үндөш иш жүргүзөт деп айтылат.

Экономикалык алакага келсек, август айында Бишкекте өткөн саммит тушунда президент Владимир Путин «жакшы долбоор астында» Кыргызстан үчүн Орусия 2 миллиард доллар каражат бере тургандыгын айткан.

Орусиялык МИДдин өкүлү Михаил Камынин айтканга караганда тараптар (Орусия менен Кыргызстан – ММ) мындан ары КМШ, БККУ(биргелеш коопсуздук боюнча келишими уюму), ЕврАзЭС жана Шанкай кызматашуу уюму ишкердиктеринде бирге аракет жасашмакчы ошондой эле БУУ жана ЕККУ (Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму) алкагында да жасалчу аракеттерди шайкеш келтирип иш алып барышмакчы.

Ал эми 16-жылдык каадага келсек, ал москвалыктардын кенен-чонон тамакка тоюп, ыр-күү угуп кайтуусу менен тамам болду. Ал жерге чакрылыган сыйлуу коноктор арасында жеке эле саясатчылар эмес, жазуучулар жана маданий чөйрөдө аты чыккандар да болушту.

XS
SM
MD
LG