Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:16

АКСЫ ОКУЯСЫН АСКЕРДИК СОТ 1-ОКТЯБРДА КАРАП БАШТАЙТ


Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүнү Бишкек гарнизондук аскердик соту Жалалабад шаарында өткөргөн жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Сотко А. Бекназаров өзү барып катышат. Башкы прократура Аксы окуясы боюнча жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө ишин аяктап, ишти кароону Жогорку Сотко берген. Жогорку Сот ишти кароону Бишкек гарнизондук сотуна тапшырган эле. (AiT)

Бир эле учурда Жогорку Кеңеште Аксы окуясы боюнча парламентик комиссиянын иликтөөсү боюнча маселе каралып жатат. Депутат Дооронбек Садырбаев өзү жетектеген депутаттык комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн тыянагын 14-сентябрда жарыя кылган. Депутаттар бул маселени талкуулаганга кирише элек.

Депутат Д. Садырбаев парламенттик комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде Аксыда тынч келаткан элге ок атуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо жана 41 адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратурага сунуш кылган.

Депутат жоопко тартууну талап кылып жаткан жетекчилердин арасында президент администрациясынын мурдагы жетекчиси А. Карыпкуловдун, мурдакы мамлекеттик катчы О.Ибраимовдун, мурдагы башкы прокурор Ч.Абышкаевдин, мурдагы ички иштер министри Т. Акматалиевдин, мурдагы премьер-министр Н. Танаевдин, мурдагы биринчи вице-премьер К. Осмоновдун, Жалалабад облустук жана Аксы райондук прокуратура жана күч органдарынын мурдагы жетекчилеринин аттары аталган.

Д.Садырбаев ошондой эле жарандардын тынчтык жүрүштөрдү уюштурууга болгон укугун камсыз кылбагандыгы үчүн президент К. Бакиевди, экс-президент А.Акаевди жана Жогорку Соттун төрагасы К. Осмоновду кол тийбестик укугунан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунушту көтөрүп, бул маселени депутаттар добушка салып чечишин суранган.

Парламент 1-октябрга чейин парламенттик комиссиянын Аксы окуясы боюнча жүргүзгөн иликтөөсүн талкуулап, бир чечим кабыл алууга тийиш. (KCh)

XS
SM
MD
LG