- Жогорку Кеңеште бүгүн конституциянын жаңы долбоору боюнча талкуу уланаары күтүлүүдө. Жаңы долбоордо кандай айырмачылыктарды, өзгөрүүлөрдү байкадыңыздар?
- Бүгүн күн тартиби боюнча сунуш кылынып аткан Конституциянын долбоору боюнча талкуу болот. Президент кайрылуусунда бирди айтып, сунуш кылынган Конституциянын долбоорунда кайрылуудан такыр айырмаланган башкача сунуштар келип атпайбы. Өзүнүн жеке бийлигин бекемдеп, авторитардык системаны күчөтүүгө сунушталган Конституциянын долбоору берилип атат. Өзү кайрылуусунда айтты, мен күчтүү партия түзөм деп. Бирок ошол эле Конституциянын долбоорунда президент ар кандай партия жана башка уюмдарга кирбейт деген тыюу салынган норма бар. Өзү ошол указ менен конституциянын долбоорун киргизип атып, мен партия түзөм дегени Конституцияда жазылган нормага каршы кеткен ишти жасап атат.
Экинчиден, сот системасынын өзгөрүлүштөрү боюнча алып карасак, жергиликтүү соттун судьясы президенттин макулдугу менен кылмыш ишине тартылат деген норма. Бул ар бир сот президенттен түздөн-түз көз каранды болуп, анын айтканын аткарып турбаса эртең кылмыш иши үстүнөн козголуп, соттолуп кетет дегендик, мындайча айтканда сот бийлик системасындагы көз карандысыздыгын жоюу.
Үчүнчүсү, партиялык система менен шайлоо системасын киргизем деп атат, өзүнүн кайрылуусунда айтты эле, партия деген депутаттарды контролдоп, туура эмес иштеген депутатты кайра чакырып алуу боюнча норманы киргизебиз деп. Бийликтин партиясы 88 пайызды алып келсе, анда бүт парламент партиянын атынан контролдонуп, оппозициялык маанайда айткан депутатты кайра чакырып алып, анын ордуна бийликтин камчысын чаба турган депутатты койдурабыз деген авторитардык бийликтин системасын түптөй турган конституциянын долбоору сунушталып атат.
- Демек баш мыйзамдын жаңы долбоору сизди канаттандырган жок?
- Канаттандырмак тургай, биз эң карышылыктарды айтабыз.
- Сиздин баамыңызда мындан аркы кырдаал кандай өнүгөт?
- Мындан аркы кырдаал, бийлик партиясын түзүп, бурмалоо жолдор менен шайлоодо көпчүлүктү алып, бийликтин кол алдында калган парламент кылабыз деген аракет болуп атат. Бул кайра эле карама-карышылктар менен күрөш жана чыр-чатакка алып келип калышы мүмкүн.
- Өткөн ишембиде “Конституция, реформа жана өнүгүү” аттуу жаңы кыймыл түзүлгөнү белгилүү болду, айрым саясатчылар бул кыймылдын түзүлүшүн президентти колдоонун мурдагыдай эле иш чарасы катары баалашууда. Сиздин пикириңиз кандай ушул кыймыл боюнча?
- Бул саясий технологдордун илгертен келаткан дүжүр чалдардын жана башка КТРден жүргүзүлүп аткан иштери болбоду беле. Ушунун негизинде 2005-жылдын 24-мартында саясий кризиске келип бийлик, заман алмашпадыбы. Эми жаңы бийлик келип алып деле, эски бийликтин ыкмасына салып, ошолордун саясатын жүргүзгөнү бул жакшылыкка алып келбейт. Ошон үчүн эки жыл өтө элек нерсени унутуп, бүгүн ошол катачылыктарды кайталаган туура эмес го дейм.
- Маегиңизге ырахмат.