Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

ОШТО ПАРЛАМЕНТТИ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТАРАТУУ ДЕМИЛГЕСИ КҮЧ АЛДЫ


Соңку кезде 21-октябрдагы референдумга дейре парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу демилгесин көтөргөндөр күч алды. Алардын анабашында бийликчил партиялар тургандыгы айкын болду.

Президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков, вице-премьер-министр Досбол Нур уулу негиздеген «Жаңы Кыргызстан» партиясы азыркы парламентти референдумга чейин эле таратуу идеясын көтөрүп чыгышты. Бул туурасында саясий уюмдун түштүк аймагы боюнча төрагасы Керим Макеев «Азаттыкка» билдирди:

- Булар 2005-жылы “Алга Кыргызстан” партиясынын арты менен депутат болушкан эле. Революция жолу менен келген бийлик ошол мезгилде эле парламентти таратпай коюп, мына эми 2 жарым жыл убагында же президентти, же өкмөттү иштетпеди, же өздөрү иштебеди. Ошондуктан мен ойлойм бул парламентти референдумга жеткирбестен тез аранын ичинде таратып, жаңы парламент алып келиш керек, - деди Керим Макеев.

Ушундай ниеттери бар экендигин Президенттин маркум иниси Жусупбек Бакиев чыйыр салып, ушул тапта Ажонун дагы бир үкаси Жаныш Бакиев лидерлеринин бири болгон «Эмгек жана Биримдик» партиясынын Ош шаардык координатору Абдивали Токтомаматов да кошумчалады. Бирок, ал мындай идеяга Президент Курманбек Бакиевдин таптакыр тишеси жоктугун да баса белгиледи.

«Элим үчүн, элим менен!» бейөкмөт уюмунун директору Аманбай Сатибаев бүгүнкү Жогорку Кеңешти Кыргызстандагы бирден бир легитимдүү орган деп эсептейт. Ошол эле учурда анын курамына криминалдашкан таза эмес депутаттар шайланып калгандыгын кыйытат.

- Парламентке кээ бир бандиттер, криминалдар, наркобитзнесмендер, кошоматчылар келди. Бирок бүгүнкү парламентте 60 пайыздайын эл үчүн күйгөң адамдар деп эсептейм. Төңкөрүштөн кийинки бийликти мен легитимсиз бийлик деп эсептейм. Азыркы паралментти мен легитимдүү парламент деп эсептейм, - дейт Аманбай Сатибаев.

Ал эми Өзгөн районуна караштуу № 37-Мырзаке округунан шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Алмамбет Матубраимов парламентти таратса эле жашообуз оңолуп кетсе, мейли деген пикирде. Бирок, Президентти да, мыйзам чыгаруучу органды да өз мөөнөтү бүткүчө иштетүүнү салтка айландырсак жакшы болоорун айтат:

- Бийликчил партия дейбизби, башкасы дейбизби, эгерде парламентти таратканда Кыргызстандын келечеги жаңырып кетсе жакшы болот эле. Азыркы парламент эки жарым жылдын ичинде такшалып, көп нерселерге киришип, мыйзам чыгаруу боюнча инициативанын көбү Жогорку Кеңеште болуп калды. Жаңы Конституциянын долбоорун карап чыктым, ал жерде паралментти тарката турган маселе жок. Негизинен парлмент дагы, президент дагы шайланган. Өз мөөнөтү менен шайланып кетсе жакшы болот, - деди Алмамбет Матубраимов.

XS
SM
MD
LG