АКШ өзүнүн кеңири антиракеталык системасын мындан бир нече жыл мурда түзө баштаган жана анын эки бөлүгү Калифорния менен Аляскада курулган. Үстүбүздөгү жылдан тарып Вашингтон - ал системанын үчүнчү бөлүгүн Чыгыш Европада орнотуу жөнүндө сүйлөшүү өткөрө баштады, Маскөөнүн айтымында болсо андай система Орусиянын стратегиялык аскерий кызыкчылыктарына зыян тийгизиши мүмкүн.
Ошондуктан июнда Алманиянын Хайлигендамм шаарында өткөн дүйнөлүк саммит учурунда орус президенти Владимир Путин - Чехия менен Польшада курулууга пландалган антиракеталык системалардын ордуна - Азербайжандын аймагында иштеген Габала радар станциясын пайдаланууну сунуш кылды.
Бул станция советтик мезгилде курулган жана СССР чачырагандан кийин Маскөө аны 2012-жылга чейин Азербайжандан ижарага алуу жөнүндө келишим түзгөн. Июлда америкалык жана орусиялык адистер биринчи жолугушуу өткөрүп, бул сунушту талкуулаган, 18-сентябрда болсо алар Габала станциясынын өзүнө келип, аны көрүп кетти.
Азербайжан тышкы иштер министри Элмар Маммадиаровдун айтымында, сүйлөшүүдөн чыга турган жыйынтык жөнүндө сөз кылуу али эрте: "АКШ, Орусия жана Азербайжандын эксперттер тобу радар станциясын көрүп, аны баалап кетти. Сүйлөшүүдөн кандай жыйынтык чыгаарын айтуу азырынча эрте, үч тараптуу жолугушуулар дагы уланат. Ар бир тарап жаңы маалыматтар менен үйлөрүнө кайтып, ойлонуш керек", - деп билдирди министр.
Америкалык тараптын мурда айтканына караганда, алар Габала станциясын өзүнүн антиракеталык системасына кошуп алууга даяр, бирок Маскөө ага каршы жана эгер станция колдонулса, Чыгыш Европадагы курулуштар токтотулууга тийиш деп билдирүүдө. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-сентябрда айтканга караганда, америкалыктар Орусиянын ракеталык системаларынын артынан аңдоо пландары үстүндө иштеп жатат, ошондуктан аларга Габала станциясынын көп кереги жок экени түшүнүктүү.
Орус академиги Сергей Калганов болсо 20-сентябрда орус маалымат каражаттарына берген интервьюсунда АКШ өтө кеңири антиракеталык система куруп жатканы жөнүндө билдирди. Анын айтымында, ал системанын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрү Жапония менен Түштүк Кореяда тургузулушу мүмкүн, андан кийинки бөлүктөрдү куруу үчүн алар акыр-аягында Кавказ мамлекеттерине дагы кайрылат.
Бул системанын жалпы баасы бир нече жүз миллиард долларга жетет жана 2020-жылга карата америкалыктар Орусиянын бүткүл аймагын радарлар менен көрүп турууга жетишет. Аны менен Вашингтон кайсы болбосун ракетанын орус аймагынан учурулганын так билип, аларды кийин атып түшүрүүгө да кудуретүү боло алат жана мындай абал Орусиянын келечеги үчүн өтө коркунучтуу дейт академик Калганов.
АКШ жетекчилери болсо жаңы курулуп жаткан антиракеталык система Орусияга каршы багытталган эмес, алар - Иран же Түндүк Корея сыяктуу мамлекеттерден мүмкүн баштала турган ракеталык чабуулдан коргонуу үчүн гана керек деп билдирүүдө.
Жакында Иран - алты миң чакырым алыстыкка жете ала турган жаңы ракета сынады. Аны менен катар Тегеран өзөктүк изилдөөлөрүн дагы улантып, жакынкы жылдарда атом бомбасына да ээ болушу ыктымал.