Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:39

БЕЛАРУС ОППОЗИЦИОНЕРИНИН АЯЛЫ РАК ООРУЛУУЛАРДЫН УКУГУН КОРГООДО


Баян Жумакадыр кызы, Прага Беларус оппозиционери, азыр түрмөдө отурган Александр Казулиндин аялы Ирина Казулина Беларусияда эмчектин рагы менен ооруган аялдарга жетиштүү көңүл бурубай жатат деп билдирди. Анын өкмөтү ооруган аялдарды дарылоо менен гана алектенүүдө. Аларды реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо маселеси бийликти кызыктырбайт.

Беларустун белгилүү оппозиционери Народная Громада партиясынын жетекчилеринин бири Александр Казулиндин аялы- Ирина бир нече жылдан бери рак менен ооруйт. Ал бул илдети жөнүндө 2006- жылдын март айында как күйөөсү камакка алынган күнү билген. Коомдук тартипти буза турган аракеттерди уюштурган жана хулигандык кылган деген кине менен кармалган Александр Казулин 2006- жылдын июль айында беш жарым жылга эркинен ажыратылып, түрмөдө отурат. Хулигандык кылды деген айып ага, 2006- жылы февраль айында спецназдын аскерлерин өзүнүн пресс-конференциясына киргизбей койгондугу үчүн жана андан соң март айында Беларустун Улуттук Ассамблеясына катышууга аракеттенгендиги үчүн тагылган. Аталган ассамблеяга Казулин президенттикке талапкер катары катышууга укуктуу эле, бирок президент Лукашенконун сөз сүйлөөсү пландаштырылган бул жыйынга бийлик аны катыштырбай, каттоодон өткөрбөй койгон.

Коомдук тынчтыкка бүлүк салган деген айып Казулинге март айында Беларусиянын эгемендик күнүн белгилөө үчүн демонстрацияга элди баштап чыккандыгы үчүн тагылган.

Казулин түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат, ал эми оорусу күчөгөн жубайы Ирина коомчулуктун көңүлүн өзү сыяктуу рак оорусу менен жабыркагандардын ал-акыбалына бурууга аракеттенүүдө.

-Мамлекет бизге кызыкпайт, аны дарылоо маселеси гана кызыктырат. Эмчектин рагы менен ооруган аял ооруканадан чыгарылаары менен башына түшкөн түйшүгү, үй бүлөө проблемалары менен өзү алпурушууга мажбур болот. Эмчектин рагы менен ооруган аялга айланадагылар менен мамилени кайра жөндөп кетүү абдан кыйынга турат,- дейт Ирина Казулина.

Оорусу күчөп, саламаттыгы начар болуп жатканына карабастан Ирина күйөөсүн түрмөдөн бошотуу аракеттерин токтоткон жок. 1996- 2003- жылдардын аралыгында Беларусь Мамлекеттик Университетинин ректору болуп иштеген күйөөсүн коргоону өтүнүп, Ирина Казулина дүйнө өлкөлөрүнүн студенттери менен профессорлоруна чакырык салган. Ал ошондой эле Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинен Беларустагы абалды талкуулоосун талап кылган.
Батыш коомчулугунан айырмаланып, мурдагы Советтер союузунун жумурияттарында белгилүү инсандар саламаттыгы жөнүндө ачык кеп кылышпайт. Ирина Казулина бул эрежени бузгусу келип, муну менен ал башка аялдарга жардам берүүгө ниеттенип жаткандыгын айтты:

-Бул маселени жашырып кереги жок, муну жашырбайбыз. Биз аялдарга зарыл болгон маалыматты берип, ден соолугун коргоого көмөк көрсөткүбүз келет ,-дейт Казулина.

XS
SM
MD
LG