Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:22

ПРЕЗИДЕНТ АХМЕДИНЕЖАДДЫН КОЛУМБИЯ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ СӨЗГӨ ЧЫГЫШЫ АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН БҮЙРҮН КЫЗЫТТЫ


Президент Махмуд Ахмединежад дүйшөмбү күнү Нью- Йорктун Колумбия университетинде сөз сүйлөдү. Иран мамлекет башчысынын илим храмына чакырылып, сөз сүйлөөсү сөз эркиндиги бааланган америкалыктар арасында катуу нараазылыктарды пайда кылды. Ахмединежад Нью-Йоркко БУУнун башкы ассамблеясынын жылдык сессиясына келген.

Нью-Йорктун бир гезити дүйшөмбү күнкү санында Ахмединежадды «жамандык” деп атаса, экинчиси “акылсыз” деп жазды. Ахмединежаддын сапарына каршы жекшемби күнү Нью-Йоркто демонстрация да өттү. Нью-Йорк штатынын парламент мүчөсү Дов Хикинд нааразылык акциясынын катышуучуларына кайрылып:-Мен Нью- Йорктуктарды Ахмединежад Нью- Йоркто жүргөндө, анын жашоосун тозок кылууга чакырам. Ага жашоо бербегиле,-деп айтты.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын экс-төрагасы Ньют Гингрич Ахмединежаддын өлкөдөгү абройлуу университетке чакырылуусун “адамзатты маскаралоо” деп баалады. Бул пикирди бардык эле АКШлыктар саясатчылар колдогон жок. Конгресстеги тышкы саясат боюнча дасыккан талдоочу, сенатор- республикачы Чак Хагелдин оюнча, Ахмединежадды сүйлөтпөй койуу- сөз эркиндигин бузуу болмок. Ал эми Колумбия университетинин студенти Бөдү Саажян адегенде Ахмединежадды угуп, анан бүтүм жасамакчы:

-Ал эмне ойлогонун билбесем, кантип анын оюнакаршы болом. Ошон үчүн оболу ал эмне сүйлөгөнүн уккум келет.

Рахел Дор деген студент кыз болсо мындай дейт:

-Анын өлкөсүндө адам укугу тепселип жатса, ал эмне Колумбия университетинде жек көрүүчүлүктү таркаткатканы, Холокосту чанганы келатат. Бул болбойт.

Вашингтондук серепчилер арасында Ахмединежад Колумбия университетинде сөз сүйлөгөнгө татыктуу эмес дегендер да бар. Бейөкмөттүк American Enterprise борборунун талдоочусу Вольтер Бөрнстен “Азаттыктын” кабарчысы “Ахмединежад университте сөз сүйлөгөнгө чакырылыш керек беле?” деп сураганда, ал мындай деди:

-Албетте, жок. Себеби, лекцияларды таанымал ораторлор окуш керек. Ал не көрүнүктүү оратор, не чыгаан инсан эмес. Ал жекөрүндү адам. Мен ар ким эле сүйлөөгө акылуубу жана ар ким эле аны укканга татыктуубу деп суроо коймокмун. Бул суроого “Албетте, жок” деп айтмакмын.

АКШнын конституциясы боюнча чоң адис Жон Сэмплс эгерде Ахмединежаддын сөзү жек көрүүчүлүккө түз чакырса же жарандар арасында тополоң чыгарса, анда ага сөз бербей койсо болмок деди:

-Жалпысынан алганда, менин оюмча, биздин башмыйзам боюнча адамдар эркин сүйлөөгө акылуу жана сөз сүйлөтпөй койуу үчүн өтө негиздүү жүйө керек. Сиз Ахмединежаддын сөзүнөн алаамат тополоң чыгат деп ойлосоңуз, аны сүйлөтпөй койсоңуз болот. Мен билгенден, ага сөз берүүгө каршы демонстрация да өткөнү жатпайбы. Ошон үчүн эмне үчүн ага сөз берилбеш керек экенин түшүнбөйм.

Сэмплс карама-каршылыктуу адамга сөз берүү- бул анын ким экенин билүүгө коомчулукка шарт түзүп берүү болот деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG