Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:10

«КАДЫР-БАРК» КАНТИП ЖАСАЛАТ?


«МСН» гезити 1-бетин жайкы эс алуудан кайтып келери менен атка минерлер пара алуунун тарифин өйдө көтөрүп, аны эки эселеген күч менен алууга өтүштү деп баштаса, мамлекет башчысына эки ирет кол салууга аракеттер болгонун «Курманбек Бакиевди Урматбек Барктабасов өлтүргүсү келгенби?» деген тема алдында «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити жазып чыкты. «Кыргыз руху» гезити баштемасына Чолпон Баекова айымдын сүрөтүн коштоп «Конституция Эне референдумга чакырат» деп жазса, «Агым» гезити «Депутаттар шайлооңор 9-декабрда өтөт», «Баа агытылды, бакыр кайда көчөт» деген баштемалар менен жаңы санын ачты. Анда алардын босогосун аттап көрөлү…

Президент Курманбек Бакиевдин өзү президент болгондон бери эки ирет кол салууга аракеттер-1-жолу 2005-жылдын жай айларында, 2-жолу 2006-жылдын ноябрь митингинде болгон, бийликти конституциялык жол менен басып алгысы келгендердин максаты ишке ашпай калганда куралдын күчү менен алгысы келген деп айткан билдирүүсүн маалымдаган «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити, өлкө башчысынын биринчи эпизод боюнча айканында Урмат Барктабасовдун элеси көрүнүп турганын, бирок экинчи айтканы өтө эле тумандуу экенин, эгер ага чындап эле кол салуу уюштурулса эмне үчүн күч органдары Рыспек Акматбаевдин кишилери Акүй алдында турганда бир дагы курал таап чыгалышпаганын же күч органдары мындай куралдарды өзүлөрүнө керек болгондо эле таба алышабы деп суроо коюп, 1-президентке кол салууну уюштурган деп учурунда

Топчубек Тургуналиев сүргүнгө сүрүлгөнүн, аналитиктердин айтуусунда, мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш менен кармашуудан пайдаланып, кезектеги упай топтоо далалатын жасап, дагы бир ирет эл алдында өзүн көрдүңөрбү, мен ким экемин деп көрсөтүп койгусу келип атканын баяндады.

Гезит ошондой эле элди бириктирүү эмес кайрадан нааразылыкты күчөтө турган мындай жол К.Бакиевдин кадыр-баркынын мындан түшүшүнө алып келерин кошумчалайт.

Ошентип деп жазат «Агым» гезити, 2005-жылдагы бийлик көңтөрүлүш сабактары жыл өткөн сайын эмнени дааналап барат. Көрсө ал демократия дөөлөттөрүн орнотууну өлүмү көздөбөгөнүн, революция болсо Акаевдин өзүнө гана каршы революция болгондугун, президент Бакиев менен анын батальонунун алган багыты ошол экендиги август айында эле каңкууланганын, анын үстүнө парламент да, оппозиция да саясый күрөш логикасын улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгына буралбаганын, демек көшөгө артындагы оюндар ушул тейден жүрө берерин «Август» деп аталган «Жолбүгүндө» баяндады. Ушул эле гезит аркылуу президент сунуштаган Конституцияга пикирин билдирген экс-министр К.Дүйшөбаев, президент түзгөнү жаткан партия сөзсүз утарын, анан премьер-министр дагы, спикер дагы, өкмөттүн курамы да ошол партиядан болорун, анан түз эле диктатурага кирип барарыбызды айтса, «Интербилим» борборунун жетекчиси А.Сасыкбаева, суперпрезиденттик конституция деп баа берерин, саясатчы Э.Байсалов, парламенттин эң аксакалаы, андан да этика боюнча комитет төрагасы Эргеш Төрөбаев өзү жүгүрүп, ордунда жок депутаттардын кнопкасын басып жүрсө анан кантип ошолордон адилеттик күтсө болорун, бирок ал мүчө болгон социал-демократтар партиясы Конституцияны колдоо боюнча чечим кабыл алганын, экс-министр Б.Талгарбеков, бул Конституция келечекте ири карама-каршылыктардын булагы болорун, түшүнгөн адамга- башы-Президенттик, денеси-Парламенттик болуп кентавр Конституция болуп калды десе, академик А.Эркебаев, президент сунуш кылып жаткан Конституция деле келерки шайлоого чейин гана жарай турган убактылуу Конституция болгону калды окшойт деген ойлорун айтышты.

«Кыргыз руху» гезити Жогорку Кеңештин мурдагы экс-төрагаларын учурдагы саясый кырдаалга баа берүүлөрүн сурап кайрылганда академик А.Эркебаев, бүгүнкү күндүн зарылчылыгынан келип чыккан президенттин демилгесин мыйзамсыз деп атоого болбостугун, бул кадамды К.Бакиев мындан мурда эле жасаса болмогун, анын ою боюнча эл референдумду колдоорун айтса, дагы бир экс-төрага М.Чолпонбаев, президенттин аракети эле өз бийлигин бекемдөө экенин, Консот чечими макулдашылып жасалганын, Акаевди туурабайм деп айтканы менен андан ашып кеткенин, оппозицияда биримдик жоктугун, 93-жылдагы Конституция гана бардык тараптарды канааттандыруучу Башмыйзма болорун, ансыз реформа да, Конституция да өзгөрбөй кала берерин айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG