Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

КЛАРА КАБИЛОВА БШК ТӨРАЙЫМЫ БОЛУП БЕКИДИ


Жогорку Кеңеш бүгүн Клара Кабилованы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кылып дайындоого макулдук берди. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында шайлоого катышкан 60 депутаттын 52 макул, сегизи каршы добуш берди. Кабилова депутаттар жана президент ишеним көрсөтүп тапшырган жооптуу кызматта мыйзам менен да, абийири менен да ойнобой тургандыгын белгиледи. Ал эми “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо БШКнын төрайымын мыйзамдын чегинде иштерине ишенбестигин “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңеште Клара Кабилованын талапкерлигин талкуулоодо 18 депутат ар түрдүү суроолорду беришип, анын дарегине каалоо тилектерин айтышты. Депутат Болот Шерниязов «алдыдагы референдум кайсы мыйзамдын негизинде өткөрүлөт?»-деп сурады. Кабилова Борбордук шайлоо комиссиясы 2003-жылы кабыл алынган Конституцияга жана 1991-жылдагы «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын алкагында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты. Шерниязов «референдум аркылуу кабыл алынып жаткан Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде президент кайрадан шайлоого барабы, же барбайбы?»-деген суроо узатты.

-Б.Шерниязов: -Кыргыз Республикасынын президенти кабыл алынуучу жаңы Конституциянын негизинде шайлоого барабы, же барбайбы?

К.Кабилова:- Конституциянын жаңы редакциясына ылайык президент шайлоого барат.

Б.Шерниязов:- Анда мен сизге тактап айтып берейин. Конституциянын жаңы редакциясынын 43-беренесин жакшылап карасаңыз, президент шайлоого барат деген сөз жок. Азыркы кабыл алынуучу Конституцияда «президент түздөн-түз шайлоого барат»- деген сөз алынып ташталган.

Айрым депутаттар Клара Кабилованын мурдагы иш тажрыйбасына, билимине жылуу пикирлерди айтышып, БШКнын ишин ийгиликтүү алып кетерине ишеним көрсөтүшөөрүн билдиришти.

Кабилова парламентте сүйлөгөн сөзүндө, жоопкерчиликтүү кызматта туруп мыйзам менен да, абийири менен да ойнобой тургандыгын баса белгиледи.

Клара Кабилова Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү референдум өткөрүү күнү белгиленгенден баштап ишке киришкенин, аталган комиссиянын аппаратында жакында өзгөрүүлөр болорун “Азаттыкка” билдирди.

Оппозициялык маанайдагы айрым депутаттар жана “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев БШКнын жаңы жетекчиси мыйзамдын чегинде иштерине ишенбестигин билдирди.

-Ишенбейм. Анткени Клара Кабилова айтпадыбы “мыйзам боюнча референдумга отуз күн калганда участкалык комиссиясы түзүлүш керек. Биз үлгүрбөй жатабыз, ошондуктан он күн нары жылдырып койдук”,-деп. Жыйырма күн калганда бүтүрөбүз дейт. Эми бул мыйзамда жазылып турса аны президент дагы, БШК дагы өзгөртө албайт. Ушинтип мыйзамды тебелеп тепсеп, мыйзамдын абройун кетиргенден көрө, президент референдумду 1-декабрга которуп койсо эмне болот? 9-декабрга жылдырып койсо эмне болот? Мына мыйзамды сыйлаганыбыз. Мына мыйзамга болгон мамилебиз. Анан кайсы мыйзамдуулук жөнүндө сөз болушу керек? “Хоп майли” Бакиев жарлыкты чыгарып коюптур эми мыйзамды ошого жараша тууралайбыз дегени, менимче, таптакыр туура эмес,-деди Өмүрбек Текебаев.

Парламенттен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдык кызматына макулдук алган Клара Кабилова 44 жашта. Кыргыз. Ташкөмүр шаарында туулган. Орусияда Калинин мамлекеттик университетин бүтүргөн. Саясий илимдердин кандидаты. Буга чейин комсомолдук уюмдарда, дипломатиялык мекемелерде, Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде саясий маселелер боюнча кеңешчи болуп иштеген. Кабилова ошондой эле Абхазиядагы конфликтти жөнгө салуу боюнча КМШнын убактылуу түзүлгөн оперативдүү жумушчу тобун жетектеп да кызмат кылган. Соңку жылдары Кыргызстанда Президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, Президент алдындагы стратегиялык изилдөөлөр боюнча институттун директорлук кызматын аркалап келген.

XS
SM
MD
LG