Баш катчы Пан Ги Мун быйылкы жыйындын мүнөзүнө кайрылып, аны көп тараптуу дипломатиянын Улуттар Уюмунун тарыхында боло элек ургаалдуу учуру болоруна үмүттөнүп жатканын белгиледи. XXI кылымда да Бириккен Улуттар Уюму дүйнөлүк проблемалар талкууланып,зарыл чечимдер табыла турган глобалдык форум бойдон каларына баш катчы бекем ишенет.
Башкы ассамблеянын жакында эле шайланган кезектеги төрагасы Сргжан Керим быйылкы сессияда дүйнөлүк климаттын проблемасы күн тартибиндеги башкы тема болот деп эсептейт. Мындан бир күн мурда бул темага арналган эл аралык форумда дүйнө лидерлери Киото келишимин алмаштыра турган жаңы конвенция даярдоону макулдашышты. Бул максатта быйыл декабрда Индонезияда сүйлөшүүлөр башталат.
Быйылкы сессиянын күн тартибине дүйнөдө жакырчылыкты кыскартуу, Улуттар Уюмунун реформасын улантуу маселелери да киргизилген. Мындан тышкары терроризм жана ага каршы күрөшүү проблемасы да башкы орунда турат. Башкы ассамблеянын төрагасы Керим бул күрөштө натыйжалуу ыкмалар, тийиштүү келишимдер, уюмга кирген мамлекеттердин кызматташтыгы зарыл дейт.
Сессиядагы талкууларга катарлаш уюмдун баш кеңсесинде дүйнөлүк дипломатиянын кыйын-кычыктуу проблемаларына арналган ар түрдүү жолугушуулар болот, аларда Дарфурдагы геноцид, Жакынкы Чыгыштагы абал,Ирак жана Ооганстан темалары,буга байланышкан демилгелер, пландар жана сунуштар каралат.
Бүгүн талкууларды АКШ президенти Жорж Буш ачмакчы. Ал өз сөзүндө, Ак үйдүн өкүлү ырастагандай, адамзаттын эң кеңири чөйрөлөрдөгү эркиндигин камсыз кылуунун милдеттерине,Улуттар Уюмунун бул иштеги жоопкерчилигине басым жасаганы жатат. Буш акыркы күндөрү Мьянмада курчуп бараткан кырдаалга да кайрылмакчы.
Быйылкы сессияда алгачкылар арасында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөйт. Андан соң жарыш сөзгө Македониянын өкүлү, Франциянын президенти Николя Саркози чыгат. Сессиянын биринчи күнүндөгү талкууларды Иран президенти Махмуд Ахмединежад менен Ооганстан лидери Хамид Карзай жыйынтыкташат.