Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ АМЕРИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЧЫГЫП СҮЙЛӨДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Иран президенти Ахмадинеджад Колумбия университетинде чыгып сүйлөдү. Аны менен байланыштуу студенттер жана башкалар атактуу университетте ага сөз берилгенине каршы митингдерди уюштурду, бирок Ахмадинежад эл алдына чыкканда, ага кол чапкандар да болду.

Иран президенти Нью-Йоркко - Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясынын жаңы башталган сессиясына катышуу үчүн келген жана Колумбия университети аны - "Дүйнө жетекчилеринин форуму" деп аталган лекцияларынын бирине катышууга чакырган. Анын алкагында быйыл бул университетте Грузия, Түркмөнстан, Чили, Эстониянын президенттери студенттер алдында сүйлөйт.

Нью-Йорктун мэриясы Ахмадинеджадка - 2001-жылы террордук аракеттерден кулаган Дүйнөлүк соода борборунун ордуна барып, гүл коюуга уруксат берген жок. Иран президентинин атактуу америкалык университетке чакырылганына дагы көптөгөн коомдук уюм каршы чыкты жана шаардын мэри Майкл Блумберг университеттин президенти Ли Боллингерге атайын кайрылуу менен дагы чыкты, бирок Боллингер - сөз эркиндиги баарыдан өйдө дегендей жооп берди.

Анткен менен Иран президенти эмне үчүн чакырылганы жөнүндө университет президенти түшүндүрүү кат дагы жарыялоого аргасыз болду жана Ахмадинежадды студенттерге тааныштырып жатканда, ал мурда Израил жөнүндө жана Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жөөттөрдүн кырылганы тууралуу кандай опурталдуу нерселерди айтканын белгилей кетти.

Жыйын бир жарым саатка уланды жана ага - Ахмадинежадды жактагандар да келгендиктен, алар президенттин сөзүн кээде бөлүп, кол чаап турушту. Бирок президент 2001-жылдагы террордук чабуулдардын себеби так белгисиз дегенде, залда отургандын көпчүлүгү аны жактырган жок.

Дарстан кийин суроолорго жооп берип жатканда Иран президенти айрым суроолорго түз жооп берүүдөн качты. Мисал үчүн, фашисттер жөөттөрдү кырганына сиз ишенбейсизби жана эмне үчүн ал тууралуу атайын конференцияларды уюштурасыз деген суроого Ахмадинежад - бул маселе дагы изилденүүгө тийиш, илим болсо бир орунда турбайт жана күнүгө жаңы ачылыштар болуп жатат деп жооп берди.

Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү тууралуу суроого президент - ал эч кандай аскерий максатты көздөбөгөнү жана ар бир улут андай изилдөө жүргүзүүгө укуктуу болууга тийиш, өзөктүк кубатка ээ болсо, Иран эч кимге кол салбайт, ал эми АКШ, мисал үчүн, Жапонияга атом бомбаларын таштаган деп билдирди.

Мурда Ахмадинежад - Израил мамлекет катары жок кылынууга тийиш деп айтканы белгилүү, бул жолу ал анчалык катуу сүйлөгөн жок, бирок Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу иштерине Израил жана аны курал менен жабдып жаткан АКШ тоскоолдук түзүп жатканы жөнүндө айтты:

"Алтымыш жылга уланган Палестина маселесин чечүүгө биз тынчтык жана демократиялык ыкмаларды сунуш кылабыз. Палестина эли өз тагдырын өзү чечкенге жол берилиш керек. Мындай ыкма Бириккен Улуттардын да эрежелерине туура келет. Жөөттөр, мусулмандар, христиандар өз келечегин өздөрү чечсин. Эркин референдум өткөрөлү. Эч ким Палестина элинин иштерине кийлигишпесин, эч ким бузукулук кылбасын, эч ким башка бирөөгө миллиарддаган долларга курал сатпасын. Биздин айтканыбыз - палестиналыктар өз тагдырын өздөрү чечсин", - деди Ахмадинежад.

Университеттин имаратынын алдында, анын короосунда жана бактарда - Иранда таш бараңга алынып өлтүрүлгөндөрдүн сүрөттөрү, "Баш кесерлерге сөз эркиндиги жок!", "Гитлер эмгиче тирүү" деген плакаттар илинип турду. Ал эми айрымдар - "Ахмадинежад жаман, бирок Буш андан да начар" деген плакаттар менен дагы чыкты.

XS
SM
MD
LG