Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ДЕМОКРАТИЯНЫ КОЛДООГО ЧАКЫРДЫ


АКШ президенти дүйнө өлкөлөрүн террорчулукка каршы чогуу күрөшүүгө, Ооганстан, Ирак, Ливандагы демократия үчүн күрөштү колдоого үндөдү. Жорж Буш шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын ачылышындагы сөзүндө Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Ирандагы диктатордук режим үчүн Улуттар Уюмунун мүчөлөрү да жооптуу деди. Ал АКШ өкмөтү Мьянмардын аскерий хунтасына каршы кошумча санкция киргизгенин жарыя кылды.

Президент Буш Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын ачылышындагы сөзүндө АКШ өкмөтү Мьянмардагы аскерий хунтага каршы кошумча санкция жарыялаганын билдирди:

- Америкалыктарды аскерий хунта 19 жылдан бери коркутуп башкарган Мьянмардагы кырдаал өтө тынчсыздантат. Сөз эркиндиги, чогулуу жана ишеним эркиндигин негиздери өлкөдө катуу чектелген.

АКШ лидери жылдары ынкылаптын негизинде бийлик алмашкан постсоветтик өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстандын элин куттуктай кетти:

-Кошмо Штаттары жакында эркиндикке багыт алган өлкөлөрдү, анын ичинде Украина, Грузия, Кыргызстан, Мавритания, Либерия, Сьерра Леоне жана Марокконун калкын куттуктайт.

Буш сөзүнүн бул жеринде Кыргызстан дегендин ордуна, ынкылап болбогон Казакстанды атап жаңылды.

АКШ лидери Ливан, Ооганстан жана Ирандын калкы демократия жолуна түшкөнү үчүн экстремисттердин бутасына айланганын белгилеп, дүйнө өлкөлөрүн аларга көмөктөшүүгө чакырды. Буштун сөзүнчө, диктатордук режим астындагы улуттарга жардамдашуу “ар бир цивилизациялуу өлкөлөрдүн борчу” саналат:

-Ар бир цивилизациялуу улут диктатордуктан жапа чеккен элдерди коргоого милдеттүү. Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Ирандагы зулумчул бийлик өз калкынын Универсалдык декларацияда жарыяланган фундаменталдык укутарын чанууда.

Жорж Буш Улуттар Уюмунун негизги миссиясы адамдарды зулумдуктан, зобун- зордуктан куткаруу экенин эскертип, “жеккөрүүчүлүктү адамзатка таңуулагысы келген террорчулар менен экстермисттер бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатат” деди. Анын оюнча, экстеризмди жеңүү үчүн анын кара санатай идеологиясын жеңүү зарыл. Буш Кубадагы абалга да өз баасын берди:

- Узак мөөнөттүк катаал диктатуранын күнү аяктап барат. Куба эли эркиндикке даяр. Бул өлкө өткөөл мезгилге кирди. Улуттар уюму сөз эркиндигин, жыйналуу эркиндигин, шайлоонун эркин жана атаандаштык менен өтүшүн талап кылыш керек.

Президент Буш БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши көбүн эсе Израилди сындап, ошол эле учурда Кубада, Венесуэла, Түндүк Корея жана Ирандагы репрессивдүү режимдерди байкамаксан болушуп жатканын айтып, ошон үчүн БУУну эң алды Адам укугу боюнча кеңешин реформалоого чакырды. Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү маселесинде Чыгыш Азиядагы жакын союздашы Япония Кеңешке татыктуу мүчө болот деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG