Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

ИРАНДА АМЕРИКАЛЫК ДАГЫ БИР ЖАРАН КАМАКТАН ЧЫКТЫ


Иран бийликтери Калифорниялык бизнесмен жана коомдук ишмер Али Шакерини түрмөдөн чыгарышты. Шакери - быйыл майда америкалык тыңчы деп кармалган төрт кишинин бири. Анын үч шеригин Тегеран бийликтери мындан эки аптадай мурда бошотушкан. Байкоочулар президент Ахмединежад жуп Нью-Йоркто жүргөн учурда Шакери камактан чыгарылганын белгилеп жатышат.

Али Шакери өтүлпулга бошотулду. Азырынча ал Ирандан чыгып кете албайт. Иран сотунун бул чечимин бышыктап, ИРНА маалымат агенттиги Шакеринин процесси качан болорун айткан жок.

Али Шакери - Калифорния университетинин башкарма мүчөсү, тынчтык үчүн кыймылдын активисти, белгилүү ишкер. Быйыл майда ал Тегеран аэропортунда кармалган. Бийликтер ага Ирандын коопсуздугун бүлүнткүсү келген, АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деп айып коюшкан. Ушундай эле айып менен АКШ жана Иран жараны саналган дагы үч киши камалган. Алардан экөө – Вудро Вильсон борборунун Жакынкы Чыгыш программасын жетектеген Халех Эсфандиари менен Фарда радиосунун кабарчысы Парназ Азима мындан он күндөй мурда АКШга кайтып барышты. Үчүнчү абаккер, илимпоз-социолог Киан Тажбахш өткөн аптада өтүлпулга камактан чыгарылды. Анын соңунан Али Шакери да ушундай шарт менен бошотулду. Бирок экөө тең азырынча Ирандан кете алышпайт.

Тегерандан алынган бул кабарды эл аралык мунапыс уюму - Amnesty International жакшы жаңылык катары баалады. “Али Шакеринин өтүлпулга бошотулганын биз мунапыс уюмунда кубаттайбыз,буга катарлаш анын эмне үчүн камалганына,ага коюлган айыптардын жүйөөсүна кең-кесири түшүндүрмө берүүнү иран бийликтеринен өтүнөбүз”, - деп айтты уюмдун өкүлү Никол Шуэри.

Шуэри иран президенти Ахмединежад АКШда жүргөн учурда,айрыкча ал Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөнү жаткан күнү Шакеринин түрмөдөн чыгарылганына көңүл бурду. Бирок Amnesty International адам укуктарынын абалын жакшыртуу ар кандай саясий шарттарда башкы маселе болушу керек, ал такай жана ар кандай учурда артыкчылык абалда турууга тийиш деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG