Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

АСИЯ САСЫКБАЕВА: САЯСИЙ ЭРКИНДИГИБИЗ ЖАНА УКУКТАРЫБЫЗ КОРКУНУЧ АЛДЫНДА КАЛДЫ


Коомдук саясий күчтөр референдум өткөрүүнүн мыйзамдуулугун тактоо талабы менен Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошкону кечээ кабарланган. Кайрылууга кол койгондордун бири, Интербилим борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева “Азаттык” менен маегинде референдумга сунуш кылынган Баш мыйзамдын долбоорундагы демократияга коркунуч алып келген жайгдайларга токтолду.

- Алгач ошол кайрылууга себеп болгон жагдайларга токтолсоңуз?

- Биринчиден, долбоорду элге талкуулоого алып келген эмес. Биринчиден, биз ошону талкуулап, биз берген сунуштарды киргизиш керек эле. Экинчиден, ушул долбоордун мазмунуна караганда биздин саясий укуктарыбыз жана эркиндигибиз коркунучтун алдында болуп жатат. Ошондуктан биз партиялар, НПО, жөнөкөй адамдар чогулуп ошондой чечимге келдик.

-Бул кайрылуунун натыйжасы кандай болот сиздин оюңузча?

- Эгерде президент жана биздин бийлик эртең саясий кырдаал жакшы болсун, стабилдүүлүк болсун десе, анда кайра өзүнүн долбоорун чакырып алат дагы, мөөнөтүн узартат деп ойлойбуз. Анткени, келечекте - эртең болобу, же бир жылдан кийин болобу бул долбоор чыр-чатакка алып келет.

- Сиздер ошентип кыска убакытка, тагыраагы 21-октябрга белгиленген референдумга каршы чыгып жатасыздар. Сиздер кырдаалдан чыгуунун кандай жолун сунуштайсыздар?

- Мен ойлойм кыска мөөнөттө саясий күчтөрдү чакырып, кайрадан столго отуруп, жок дегенде беш-алты демократияга чоң коркунуч алып келген жерлерди жоготуп, андан кийин ошол долбоорду жок дегенде Венеция комиссиясына жиберсе, алар өзүнүн бүтүмүн бериши керек эле. Анткени алар эл аралык көз каранды эмес комиссия. Мурун дагы ошондой бүтүмдөрдү берип жүрчү эле. Менин оюмча, ошол кадамдарга барса туура болот.

- Силер кайрылууда депутаттардан президенттин референдум өткөрүү тууралу жардыгын жокко чыгаруу боюнча Конституциялык сотко кайрылуусун өтүнүптүрсүздөр. Эгер арыз жолдонгон чакта андан майнап чыгарына ишенесиздерби?

- Ишенич дайыма эле бар дечи, бирок барабы-барбайбы, биз бүгүнкү күнгө чейин билбейбиз. Азыр ошондой суроо менен аябай көп саясий күчтөр, партиялар, элдер кат жиберип атышат.

- Асия айым, эгер 21-октябрда референдум өтө турган болсо, андан кийинки кырдаал сиздин оюңузча кандай болот? Себеби айрым саясатчылар бул референдум кырдаалды кайра курчутуп жиберерин айтып жатышат?

- Мен мындай болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени, биздин абал жакшы эмес. Өзүңөр билесиңер азыр баалар майга, сүткө, нанга өйдөлөп кетти. Ансыз деле социалдык кырдаал жаман болуп атат, анан дагы саясий нерселерди чыгарып, ушул референдум менен ырбатып жиберебизби деп ойлойм.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG