Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

РЕФЕРЕНДУМДАН КИЙИН ПАРЛАМЕНТ ТАРАЙТ-ТАРАБАЙТ


Коомчулукта 21-октябрда референдум өткөрүлгөндөн кийин парламент таркатылат деген ишеним пайда болду. Айрым саясий партиялардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү да Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтышууда. Ал эми парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү Райымбек Мамыров болсо президенттин парламентти таркатууга мыйзамдык негизи жок деп эсептейт.

Парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакцияларында референдум өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңешти таркатуу же таркатпоонун үч жолу бар.

-Биринчи жолу- парламент эл шайлаган мөөнөттө аягына чейин иштеп, кийинки шайлоого барышы керек. Экинчиден - референдумга коюлуп жаткан Конституциянын долбоорунда азыркы парламентте 75 депутат, кийинки болочок парламентте 90 депутат, ушул учурда кандай болушу керек так көрсөтүлгөн эмес. Демек, мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңешке шайлоо болушу мүмкүн. Үчүнчү- парламент менен президенттин ортосунда карама-каршылык болуп, мүмкүн бир учурду макулдашып, балким кийинки жылдын жазында же, эмки жылдын күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого баруусу мүмкүн. Негизинен бул маселе референдумдан кийин билинет.

«Социал-демократтар» партиясынын кеңешинин мүчөсү Тургунбек Кулмурзаевдин көз карашында, эгер референдум аркылуу Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса, Жогорку Кеңешти таркатуу керек:

-Жаңы Конституциянын негизинде , партиялык тизме менен шайлайбыз, партияларды күчөтөбүз деген жакшы идея болуп атат. Ошонун негизинде Жогорку Кеңешти таратып, жаңы шайлоо болуш керек.

«Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов да 25-сентябрда таркаткан билдирүүсүндө, Конституциянын жаңы редакциясында парламент 90 депутаттан турат деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу азыркы 75 депутат менен парламентте кворум болбостугун белгилеген. «Ошол себептүү президент Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү тууралуу жарлык чыгарып, мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында же 19-декабрга коюшу керек. Ошондой эле Конституциялык реформадан кийин Кыргызстандын президенти да кайра шайланууга милдеттүү»,-деген Кулов.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү Райымбек Мамыров болсо баарыдан мурда мыйзамдуулуктун сакталышын жогору коюш керек деп эсептейт. Анын айтымында, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча президенттин парламентти таркатууга мүмкүнчүлүгү жок.

-Конституциянын жаңы редакциясында Жогорку Кеңешти таркатууга президенттин мүмкүнчүлүгү жок. Анда жаңы шайлоолор күнү белгиленет деп жазылган. Же болбосо премьер-министрге талапкерге эки жолу ишеним көрсөтүлбөсө, парламент ич ара келише албай премьер-министрдин талапкерлигин төрт жолу сунуштаганда макулдук берилбесе. Акыркысы- Жогорку Кеңештин жарымынан көбүнүн арызы менен парламент өзү таркатылып, ошондон кийин гана жаңы шайлоо президент тарабынан белгилениши мүмкүн, деп жазылган.

Ал эми айрым байкоочулардын баамында, бир катар саясатчылар референдумдан кийин парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өткөрүлөт деген ишенимде болушуп, саясий партияларын күчтөндүрүүгө киришти.

Президент Курманбек Бакиев Чүй облусун бүгүнкү кыдыруу учурунда : «Менин кайсы бир партияны башкарууга укугум жок. Бирок жоопкерчиликтүү, аракетке жөндөмдүү жана натыйжалуу, мамлекеттин саясатын жүргүзө турган партияны колдой аламын»,-деп белгилеген. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Бакиев жаңы партия түзгөнгө жетишпейт, ошондуктан ал бир туугандары Жаныш, Жусуп Бакиевдер түзгөн «Эмгек жана биримдик» партиясын колдоп чыгышы өтө ыктымал.

XS
SM
MD
LG