Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

МЬЯНМАДАГЫ АБАЛ КУРЧУП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Мьянма мамлекетинде бир айдан бери өтүп жаткан митинг-демонстрацияларга каршы бийлик күч колдонуп, 26-сентябрга караган түнү 80 адамды кармады. Асманга ок атылып, көчөгө чыккандарга каршы жаш агызуучу газ колдонулду. Өлкөдөгү элдик толкундоолордун өзгөчөлүгү - ага миңдеген кечил катышканы.

Мурда Бирма деп аталып келген Мьянма эли негизинен Будда динин тутат жана ал динди элге тараткан кечилдер кол тийгис болуп эсептелинет. Азыркы элдик толкундоолор 19-августта башталган, анткени өлкөнүн аскерий бийлиги күйүүчү майдын баасын эки эсеге көтөргөндүктөн, тамак-аш дагы кымбаттап кеткен.

Мындан он күндөй мурда болсо митинг-демонстрацияларга миңдеген кечил кошулгандыктан, абал өзгөрдү жана айрым байкоочулар - өлкөдө жибек революциясы ишке ашаары мүмкүн деп да айта баштады. 24-сентябрда өлкөнүн эң ири шаары - Янгон калаасынын көчөлөрүнө жүз миңге жакын адам чыкты, алардын 20 миңге жакыны кечилдер болду.

Мынчалык ири демонстрациялар Мьянмада 1988-жылдан бери болгон эмес, ал кезде бийлик студенттик толкундоолорду күч менен басып, Аун Сан Су Жи деген саясатчыга каршы аракет көрө баштаган. Ошол эле жылы мамлекеттик бийлик аскерий хунтага өткөн жана 1990-жылы алар Бирманын атын Мьянма деп өзгөрткөн.

Аун Сан Су Жи - Бирманын эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн Аун Сандын кызы. Ал 1947-жылы өлтүрүлүп кеткен. Бирма болсо британиялык оторчулуктан 1948 жылы бошогон. Англиядагы Оксфорд университетин бүтүп, Аун Сан Су Жи Бирмага - студенттик толкундоолор болгон 1988-жылы кайтып келген жана 1990-жылы өткөрүлгөн шайлоодо анын партиясы утуп чыккан, бирок бийлик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай, Сан Су Жинин өзүн үй камакка отургузган. 1991-жылы Сан Су Жиге Нобел сыйлыгы ыйгарылган.

Азыркы демонстрацияларга чыккан кечилдердин талаптарынын бири - көптөгөн жылдан бери үй камагында отурган Аун Сан Су Жини бошотуу жана демократиялык реформаларды өткөрүү. 24-сентябрда алар Янгон шаарындагы атактуу Шведагон пагодасынан АКШ элчилигине чейин жөө жүрүш менен өттү. Бийлик болсо 25-сентябрда Янгон жана Мандалай шаарларында түнкү тартип киргизди жана шаар көчөлөрүн кыдырган машинелерден - эгер эл тарабаса, күч колдонулушу мүмкүн деп эскертти.

Ошол эле 25-сентябрда АКШ президенти Жорж Буш Нью-Йорк шаарында ачылган Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясынын сессиясында - Мьянма бийлигине каршы Вашингтон кошумча чектөө киргизгени жөнүндө жарыялады: "Бирмадагы абалдын өнүгүшүн биз жактырбайбыз, бул өлкөнү 19 жылдан бери аскерий хунта коркутуп-үркүтүү менен башкарып келет. Сөз эркиндиги, адамдардын эркин чогулуусу же каалаган динин тутуу сыяктуу негизги эркиндиктер катуу чектелген", - деп билдирди АКШ президенти.

Мьянмага каршы биринчи санкцияларды Вашингтон 1997-жылы жарыялаган жана андан бери аларды улам күчөтүп келет. Бирок ага карабастан, жыйырма алтысына караган түнү бийлик митингчилерди күч менен таркатты. Сексенге жакын адам кармалды, кол тийгис кечилдер сабалды. Аскерлер окту асманга атып, адамдарга каршы болсо жаш агызуучу газ колдонду, бирок беш адам курман болгону жөнүндө да кабарлар бар.

Анткен менен 26-сентябрда митингдер уланды жана көчөлөргө бир нече жүз адам чыкты. Европа Биримдиги дагы шаршемби күнү Мьянма бийлигине каршы санкцияларын күчөтө турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG