Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

ТОТАЛИТАРДЫК ДООР КАЙТЫП КЕЛЕ ТУРГАН КОРКУНУЧ БАРБЫ?


Президенттин өз партиясын түзүүсүнө “Ата Мекен” партиясынын Жалалабат облусундагы өкүлдөрү макул эмес. Алар бийлик партиясы түзүлсө, тоталитардык доор кайра орношу ыктымал деп кыжаалат болуп жатышат. Жарандардын пикиринде, партиялардын башкы максаты бийлик, эл үмүтүн актаар саясий уюмдар аз.

Өлкө башчысы элге жана парламентке кайрылуусунда өз партиясын түзөөрү тууралу жар салгандан кийин “Эмгек жана Биримдик” партиясынын облустагы бөлүмү президенттин уюмун колдоп, ага кошула тургандыгын билдирди. Бөлүмдүн төрагасы Абдымалик Бектемировдун белгилешинче саны көп, сапаты аз партиялардан жарандардын башы адашууда жана оппозициядагы партиялар бийликти учурдагы кырдаал үчүн туура эмес сындап жатышат:

- Бардык программаларыбызда Кыргызстанды гүлдөтөлү дейбиз. Чындыгында партиялардын чыныгы патриоттуулугуна байланыштуу болот. Учурдагы элдин башына түшкөн мүшкүл ишти өзүнүн партиясын демонстрация кылыш үчүн пайдаланган айрым партиялар болуп атат. Партиялар эми азаялы, биригели.

Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда президент партия түзсө, Орусиянын борборундагы жалалабаттык кыргыздар да аны колдошоорун билдиришкен. Эл ичинде өлкөдөгү партиялар тууралуу маалымат жетишсиз. Базаркоргон районундагы Кеңеш айылынын тургуну Рабы Умарованын болжошунча саясий өнөктүктүктөн башка маалда саясий партиялардын бар-жогу билинбейт.
Жашоо менен алпурушуп жаткан көпчүлүккө партиялардын коом үчүн кандай жүктү аркалары түшүнүксүз:

- Ар бир партия өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп атат. Жөнөкөй бизге окшоп кетмен чаап Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылалы деген пикирди аз айтып коюп атабыз.

Бирок “Ата Мекен” партиясынын облустагы мүчөлөрү президенттин партия түзүү оюна каршы. Саясий уюмдун Жалалабаттагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин оюу боюнча Бакиевдин партиясы түзүлгөндө мыйзам бузуучулук өөрчүп, тоталитардык бийлик орноп калуусу ыктымал:

- Бакиевдин партия түзүү боюнча айткан ою Конституцияга да, партиялар жөнүндөгү мыйзамга да туура келбейт. Президент өзүнүн кызматына киришкенде ар кандай партияларга болгон мүчөлүгүн токтотуп коюш керек. Эгер мындай кете турган болсо мыйзам, Конституция бузуучулукка, өлкөдөгү тоталитардык режимди орнотууга алып келет.

Бийликтин партиясы түзүлгөндө “Алга, Кыргызстан” партиясынын тарыхы далилдегендей, өлкөдөгү мекеме-уюмдардын жамааттары ага өтүүгө аргасыз болуп, көп партиялуулуктун ыргагы бузулат. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Калыбек Алиевдин ою боюнча бир кишинин бийлиги орноп, оппозициялык уюмдарга кысым жасоо күчөшү ыктымал:

- Бийлик кызматтагы адамдардын бардыгын каалайбы-каалабайбы ошол партияга киришке мажбур кылат. Оппозициядагы партияларга кысым болушу мүмкүн. Бир адамдын колуна бийлик өтүп калат, - деген пикирин билдирди Калыбек Алиев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG