Ираклий Окруашвили 33 жашта болгону менен, 2003- жылкы роза ынкылабынан кийин Грузиянын башкы прокурору, ички иштер жана коргоо министрликтерин жетектеген. Ал бир жыл мурда Экономикалык өнүгүү министрлигинен баш тартып, тыш өлкөгө чыгып кеткен эле. Окруашвили 25-сентябрда өлкөгө кайра келүүсүн чуулгандуу пресс- конференция жана “Имеди” телеканалына түз интервью берип баштады. Ал телеинтервьюда Саакашвилини “Имеди” телеканалынын орток ээси, ишкер-олигарх Бадри Патаркацишвилини жок кылууну жеке өзү буйруган деп күнөөлөдү. Анын ырасташынча, президентте Патаркацишвилинин көзүн тазалоонун атайын планы болгон. Бул план боюнча ишкер Ливандын мурдакы өкмөт башчысы Рафик Харири сыңары автомобилге коюлган бомбадан өлмөк экен.
Окруашвили парламенттин оппозициячыл мүчөсү Валерий Гелашвили 2005- жылы Саакашвилининин тапшырмасы менен сабалганын да билдирди. Баарынан да чоң бомба- анын ырасмий бийликтер газга уукту деген премьер- министр Зураб Жваниянын өлүмү тууралуу айткан сөзү болду::
- Мен бул теманы пайдалангым келбейт жана Жвания өлтүрүлдү деп айтпайм. Бирок, анын денеси ал өлдү деген бөлмөгө алып барылганы жөнүндө маалыматым бар.
Ираклий Окруашвили ошондой эле Саакашвилини Грузия жоготкон жерлерди “мен дээрлик кайтарып алганда, коргой албай жоготту жана туугандарынын жемсөөлүгүн жаап- жашырууда" деп да күнөөлөдү. Ал 2004- жылы коргоо министри кезде Тбилисин амирин тааныгысы келбеген Түштүк Осетияга каршы ири чабуул баштаган.
Экс- баш прокурордун айтымында, ал “Грузиянын бүтүндүгү үчүн” буга чейин Саакашвилинин айыбы жөнүндө ооз ачкан эмес.
Президенттик администрация жана башкаруучу партия Окруашвилинин сөзүн келегей адамдын кеби дешип четке кагышты. Бийликтеги Улуттук кыймыл партиясынын парламенттеги мүчөсү Нодар Григалашвили Окруашвилинин билдирүүлөрү тергөөгө арзыбайт деп санайт:
- Элестетип көрүңүзчү: Сиз кокустан туруп эле Мумбайдан Лондонго чейин туннель казууну мерчемдеп жатам же казып койдум деп айтсаңыз, аны эмне иликтөө керекпи? Мен бул туннелди казбадым. Аны тергөөнүн кереги жок.
Оппозициячыл депутат Каха Кукаванын ишениминде билдирүүсү иликтениш керек:
- Кимдир бирөө Патаркацишвилиге кол салуу же Жванияны өлтүрүү жөнүндө Саакашвилиде планы болгон деп шектенип, өкмөт көзкарандысыз тергөө жүргүзүүдөн баш тартчу болсо, анда бул маалымат чын болот да.