Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:50

ПАКИСТАНДЫН ООГАНСТАНГА БОЛГОН ТААСИРИ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы апталарда АКШ жетекчилиги Пакистан өкмөтүнө улам катуу басым жасап, өлкө аймагында жашынган террорчуларга катуу чара көрүүнү талап кылууда. Эл аралык кризис тобу деп аталган изилдөө уюмунун жетекчилеринин биринин айтымында, Пакистан чындап эле Талибан кыймылынын согушкерлерине каршы толук ченемде аракеттенбей жатат.

Жакында АКШ Конгресси атайын чечим кабыл алып, эгер Пакистан жетекчилиги өлкө аймагында жашынган террорчуларга каршы толук чара көрбөсө, америкалык жардам кыскартылышы мүмкүн деп билдирди. Эл аралык кризис тобунун вице-президенти Марк Шнайдердин айтымында, Пакистан өкмөтү жана өзгөчө анын аскерий күчтөрү террорчуларга каршы чындап эле жетиштүү деңгээлде аракеттенбей жатат:

"Талибан кыймылы жаңы түзүлгөндө, Пакистандын аскери жана коопсуздук кызматы ага жардам берип, машыктырганы белгилүү. Ошондуктан, эки тарап ортосунда диний айырмалычылыктар болгону менен, эмгиче Талибан жана Пакистандын коопсуздук кызматы ортосундагы байланыштар күчтүү. Азыр Пакистан аскери 'ал-Каида' уюму жана аны менен байланышып, өлкөгө келген өзбек жана тажик аскерий топторуна каршы согушуп жатат, бирок Квета менен Пешаварда орношкон Талибандын жетекчилерине каршы аракет көргөн жок", - дейт Шнайдер.

Америка кошмо штаттары жана башка мамлекеттер бул маселени көтөргөндө, Пакистан дайым - колдон келген чараны көрүп жатканын айтат, бирок эл аралык коомчулуктун чыдамы түгөнүп баратат: "Алыскы тоолордо жашынган талибдердин базаларын табыш кыйын деп айтканды түшүнсө болот, бирок алардын жетекчилери Квета сыяктуу ири шаарда экени белгилүү жана аларга ал жерде эч чара көрүлгөн жок", - дейт Шнайдер.

Эксперттин айтымында, талибдер өздөрү да аны жакшы билет жана жакындап келаткан шайлоодон кийин Пакистандагы жетекчилик алмашса дагы, алардын абалы өзгөрбөйт деп ишенет: "Пакистандагы жетекчилик демократиялык жакка өзгөрөбү-өзгөрбөйбү, өлкөнүн аскерий чөйрөсү баары бир өтө таасирдүү бойдон калат. Жана менин оюмча, Талибандын башчылары - Пакистандын аскерий жетекчилиги аларга мурдагыдай эле эркин аракеттенүүгө жол берээрине ишенет", - деп билдирет Кризис тобунун вице-президенти.

Эмне үчүн андай болуп жатканы боюнча Шнайдер - ал Пакистандын алыскы максаттары менен байланыштуу деген пикирде: "Мушарраф жана Пакистандын аскерий жетекчилигинин оюнда, Ооганстанда азыр болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр аларга пайдалуу эмес. Алар үчүн Ооганстанда - алардын тилин уккан жана Пакистандын алыскы кызыкчылыктарына жооп берген өкмөт орногону жакшы. Ооганстанга Индиянын болгон таасири дагы бир топ жана президент Карзайдын Индия менен түзүп жактан мамилелери Пакистанга жакпайт. Алардын оюнда, акыр-аягында Батыштын Ооганстанга кызыгуусу аяктайт жана алар Кабул алдында алган милдеттенмелеринен кутулганда, бийликке кайрадан Талибан келет. Алар үчүн Ооганстанда - Пакистанды сүйбөсө да, ага өтө көз каранды болгон өкмөт керек. Ошондуктан алар Пакистандын өзүндө кандай саясий кыйынчылыктар жаралып жактанына карабай, талибдердин аракеттерине жол берип жатат", - дейт Марк Шнайдер.

XS
SM
MD
LG