Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

ТЕМИР САРИЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ЭЛГЕ ЭМЕС, АДМИНСТРАТИВДИК РЕСУРСКА ИШЕНҮҮДӨ

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек “Акшумкар” саясий партиясы бүгүнкү жыйында өлкөдөгү саясий абалды талкууга алмакчы. “Азаттыктын” таңкы маектеши аталган партиянын тең төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев болду.

- Партиянын бүгүнкү жыйынында алдыдагы референдумга байланышкан маселелер талкууга алынса керек?

- Биринчиден, уюштуруу маселелери болуп жатат. Бүгүн партиянын Бишкек шаардык уюмунун жыйыны болот .Экинчиден, албетте биз бүгүнкү саясий абалды карап, өзүбүздүн кайрылуубузду жарыялайбыз.

- Сиздердин партия президент тарабынан сунушталган баш мыйзамдын жаңы долбооруна кандай баа берүүдө?

- Ачыгын айтыш керек, бүгүнкү редакцияда кабыл алганына биз каршыбыз. Ошон үчүн өткөндө саясий кеңеш өткөрүп, өзүбүздүн сунуштарыбызды бердик. Анын ичинде бир топ өзгөрүүлөрдү киргизсин деп талап кылып жатабыз. Эгер ушул редакцияда кабыл алынса, биз президенттин чексиз укуктары бар, бийлиги бар Конституцияны кабыл алабыз. Ошол эле убакта жоопкерчилик президенттен кетип, өкмөткө жана парламентке өтүп кетип жатат.

- Ошол сунуштар кабыл алынат деп ойлойсузбу?

- Биз саясий партия катары ушуну талап кылып жатабыз. Бир гана “Акшумкар” партиясы эмес башка саясий партиялар дагы, бейөкмөт уюмдар дагы ушуну талап кылып жатат. Эгерде президент конституциядан кийин элге тынчтык алып келем, саясий күчтөрдүн ортосунда тирешүүлөр токтосун, эрежебиз аныкталган, такталган, демократиялык мамлекет түзөбүз десе, анда биз сунуштаган өзгөртүүлөргө барыш керек. Жок, мен авторитардык режим түзөм десе анда өз билгенин кылат.

- Президент сунуштаган баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумда колдоо табаарына ишенсек болобу?

- Президент референдумга чыгарып жатып, негизгиси элдин ишенимине эмес, административдик ресурска ишенип жатат. Андыктан ал мыйзамды бузуп, кыска мөөнөттүн ичинде референдум шайлап жатат. Анткени бир нече мыйзамдар бузулуп жатат. Ошол эле Конституция бузулуп жатат, шайлоо кодекси бузулуп жатат. Референдум жөнүндө мыйзам жок. Мыйзамсыз коюп жатат. Мына ушуга окшогон түздөн-түз мыйзам бузуулар болуп жатат. Биз аны көргөзүп жатабыз. Тилекке каршы президенттин сүйлөгөн сөзү менен кылган иши шайкеш келбей жатат.

- Азыр парламенттин референдумдан кийинки тагдыры тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Рефендумдан кийин мөөнөтүнөн мурда чукул парламенттик шайлоо жарыяланышы мүмкүнбү?

- Мыйзамдын негизинде парламентти таратып жиберүү жок. Бирок, парламент өзүн-өзү таратып, кезексиз шайлоого толук барышы мүмкүн. Бүгүнкү саясатчылардын, коом таануучулардын айтуусуна караганда, административдик күчкө ишенип, президент мөөнөтсүз шайлоо жарыялап жибериш мүмкүн. Бирок, айтып коюш керек эң негизги референдум болгондон кийин да, шайлоо өткөндөн кийин да элдин тынчтыгы керек. Анткени ал мыйзамсыз болуп калса, саясий күчтөр, эл анын жыйынтыгын тааныбай коёт.

- Эгер жаңы шайлоо жарыяланса, “Акшумкар” партиясы ага даярбы?

- “Акшумкар” партиясы шайлоого даяр. Биз уюштуруу иштерин кылып жатабыз. Бүгүн дагы партиялык конференциянын негизги максаты курултайга делегаттарды, активдерди шайлап, уюштуруу маселелерин чечүүнү көздөйт.

- Маегиңизге ырахмат.
Куржундар
XS
SM
MD
LG