Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

ПРЕЗИДЕНТ К. БАКИЕВ БУУ ЖЫЙЫНЫНА ЭМНЕ ҮЧҮН БАРГАН ЖОК?


Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жылдык жыйынына тышкы иштер министри Эднан Карабаев кечээ түнү жөнөп кетти. Айрым саясатчылар аталган уюмдун жыйынына президент Курманбек Бакиев өзү барганда бир топ маселелерди чечип келмек дешүүдө. Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов быйыл президенттин БУУнун жыйынына баруусунун кажети жок деп эсептейт.

Бириккен Улуттар Уюмунун жылдык жыйынына жүздөн ашуун мамлекеттин лидерлери барышып, аба ырайынын жылышы, Улуттар Уюмунун реформасы, Ирактагы, Ооганстандагы жана башка олуттуу маселелерди талкуулашууда.

Маалыматтарга караганда АКШнын президенти Жорж Буш шаршемби күнү БУУнун жылдык жыйынынын ачылышындагы сөзүндө, ыңкылап менен бийлик алмашкан потсоветтик өлкөлөр катары жана демократияга кадам таштаган Грузия, Украина, Кыргызстанды атап, бул өлкөлөрдүн элин куттуктаган. Буш сөзүнүн ушул жеринде Кыргызстан дегендин ордуна, ыңкылап болбогон Казакстанды атап жаңылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун жылдык жыйынында каралган маселелер Кыргызстанга канчалык пайдалуу бул тууралуу экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов буларга токтолду.

-БУУда дүйнөлүк глобалдык процесстерди жылдан жылга карайт. Өзгөчө бүгүнкү болуп жаткан тероррчулук, баңги заттарды ташып өтүү жана башка көптөгөн маселелер каралат. БУУнун трибунасында ар бир мамлекеттердин лидерлери үчүн жылда бир жолу өз мамлекетинде глобалдуу процесстерге жакын кандай маселелер бар экендигин көтөрүшүп, чоң мамлекеттерден кандай жардам күтөөрү козголот. Бул жолку БУУнун жылдык жыйынында абдан маанилүү маселелелер каралып атат. Менин оюмча бул жыйында козголгон маселелер Кыргызстан үчүн пайдалуу эле болот.

Ал эми БУУнун жылдык жыйынына Кыргызстандан тышкы иштер министринин деңгээлинде катышуу болорун, 2-октябрда Эднан Карабаев БУУнун трибунасынан “Дүйнөлүк социалдык чындык боюнча” резолюция кабыл алуу демилгесин көтөрүп чыгарын тышкы иштер министринин орун Аскар Бешимов билдирди. Анын айтымында, бул жыйынга президент Курманбек Бакиевдин баруусунун деле кажети жок.

-БУУнун жыйынына мамлекет лидерлери, өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери катышат. Бул кадимкидей эле тажрыйба. Өткөн жылы мааракелик саммит болгондо 150 ашуун мамлекеттин башчылары барышпадыбы. Былтыр өлкө башчысы Курманбек Бакиев баштаган делегация катышпадыбы. Менимче БУУнун жылыга өтүүчү жыйынына президенттин барып катышуусунун деле кажети жок.

Аликбек Жекшенкулов болсо Аскар Бешимовдун пикирине макул эмес. Анын көз карашында президенттин БУУнун жыйынына барбай калышына негизги ички саясий маселелер себеп болду.

-Менин оюмча президенттин БУУнун жыйынына барбай калышына өлкөдөгү ички саясий абал себеп болду го. Референдумдан башка ички саясий абал күчөп баратпайбы-бул биринчиден. Экинчиден, менин оюмча президент бул себептерге карабай БУУнун жылдык жыйынына барыш керек болчу. Анткени бул жыйынга дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөлөрүнүн башчылары барыптыр, ал жерден президент байланыш түзүп, Кыргызстандагы маселелелерди көтөрүп , жетишкендиктерди айтып берип, бардык жагынан байланыш түзүү үчүн барса менимче Кыргызстанга эле абдан пайдалуу болмок, -деди Аликбек Жекшенкулов.

XS
SM
MD
LG