Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

УТРКнын БАЙКООЧУ КЕҢЕШИНИН ТӨРТ МҮЧӨСҮ ШАЙЛАНДЫ


Айрым депутаттар УТРКнын Байкоочу Кеңеши президенттик администрацияга, аталган компаниянын жетекчилигине көз каранды болуп, эч кандай маселе чече албастыгын айтышууда. Журналистер кошуунунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев болсо Байкоочу Кеңеш УТРКнын ишмердигин көзөмөлдөп, татыктуу иш алып барат деген ишенимде. Парламент бүгүн байкооочу кеңештин курамына көрсөтүлгөн 30 талапкердин төртөөнү биринчи айлампада шайлады. Экинчи айлампага чыккан 11 талапкерлерди парламент жума күнү шайлайт.

Бүгүн Жогорку Кеңеш УТРКнын байкоочу кеңешинин курамына көрсөтүлгөн 30 талапкердин ичинен Мыктыбек Өмүрзаковду, филармониянын директору Керим Тураповду, «Социалдык технологиялар агенттигинин» жетекчиси Гүлнара Ибраеваны, БГУнун журналистика факультетинин деканы Алтын Асанованы шайлады. Экинчи айлампага чыккан 11 талапкерди парламент жума күнү шайлайт. Байкоочу Кеңештин курамы 15 адамдан турат.

«Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун пикиринде парламенттин эл шайлаган 75 депутаттын көпчүлүгү бийликке көз каранды болуп калган сыяктуу, байкоочу кеңеш дагы президенттин администрациясына жана УТРКнын жетекчисине көз каранды болуп, өздөрүнчө маселе чече алышпайт.

- Мына парламенттеги айрым депутаттар бийлик Жогорку Кеңешти таратып жиберет деп коркуп «Ак үйгө» көз каранды болуп отурганы жашыруун эмес. Анан УТРКнын Байкоочу Кеңеши кантип эле өз алдынча боло калсын. Ал түгүл УТРКнын президентинин айтканы менен иштешип, өз алдынчалыгын жоготот.

Депутат Дооронбек Садырбаев болсо УТРКнын жетекчилиги парламентти тоотпогон сыяктуу Байкоочу Кеңештин деле чечимдерин тоотпойт деген ойдо.

- Байкоочу Кеңеш калыс иштейби, адилет иштейби, иштебейби, кожоюн кандай десе ошондой болот. Бул Байкоочу Кеңеш, 15 киши эмне болуп калыптыр. 75 депутат эл шайлаган, бийликтин бир бутагы депутаттын колунан кыргыз телевидениесинин программасын, саясатын өзгөртүү келбей койду. УТРКга премьер-министрдин кудурети жетпесе анан Байкоочу Кеңеш кантип өзгөртүп жибермек эле. Эч нерсе өзгөрбөйт.

Дооронбек Садырбаев пикиринде, Кыргызстанда дагы бир эч нерсе чече албаган «шал» уюм пайда болду. Анын мындай пикирине Журналисттер кошуунунун жетекчиси Абдыкадыр Султанбаев макул эмес. Анын айтымында, Байкоочу Кеңешке татыктуу адамдар дайындалып, УТРКнын ишмердигине көзөмөл кылып, телерадио компаниясынын өнүгүшүнө зор салым кошот.

- Байкоочулар Кеңеши шайланса УТРКнын негизги ишинин багытын аныктайт. Жыл сайын отчетун угат. Финансылык иштерине түздөн-түз көзөмөлдүк кылат. Байкоочулар Кеңешине депутаттар татыктуу талапкерлерди тандап алгандай, эми курамына да мыкты инсандарды шайлап берет деген ойдомун, -деди Абдыкадыр Султанбаев.

УТРКны коомдук сыналгыга айлантуу демилгесин көтөрүп чыккандардын бири депутат Мелис Эшимканов Байкоочу Кеңеш түзүлөөр менен эле кыргыз улуттук сыналгысы оңолуп кетет деген ойдон алыс.

- Мен талапкерлерди байкадым. Ошол отуз талапкердин жарымынан көбү принципалдуу коомдук телевидениенин ички маңызына баа бере ала турган адамдар көрсөтүлүп атыптыр. Эгерде өң тааныштык, жердешчилик сезим, же «Ак үйдүн» сценарийи менен болбой, адилет балдар көбүрөк өтүп кетсе, менимче биз кабыл алып, президент кол койгон мыйзамдын иштешине ошол азаматтар аракет кылат деп ойлойм. Бирок алдын ала божомолдоп, ушулардын күчү менен УТРК оңолуп кетет деген ойдон алысмын.

УТРКга Байкоочу Кеңештин курамына Жогорку Кеңеш жана фракциядан он талапкер, президент тарабынан он, коомдук уюмдардан он талапкер парламенттин кароосуна сунуш кылынган. Бүгүн парламент экинчи айлампага чыккан он бир талапкердин атын атады. Он беш талапкер жетиштүү добуш ала алышпай Байкоочу Кеңештин курамына шайлоодон четтетилди.
XS
SM
MD
LG