Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

28-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1857-жылдын 28-сентябрында Батыш Сибирь генерал-губернатору «кыргыздардын көп сандуу сарыбагыш уруусу империяга кирүүнү каалайт» деп кабарлаган. 1906-жылдын 28-сентябрында Түркстан генерал-губернатордугу революциялык кыймылга катышкандарга каршы «өзгөчө буйрук» чыгарган.

Кыргыздардын Кокон хандыгына каршы нааразылык маанайы 1857-жылдын жаз жана жай айларында жогорку чегине жетти. Чүй жана Фергана өрөөнүндөгү кыргыздар хандык бийликке каршы чыгышып, ал акыры улуттук боштондук кыймылга айланган. Чүй өрөөнүнүн кыргыздары хандыктын абийирсиз эзүсүнөн кутулуп, келечек өнүгүү багытын Россияга түздөй аны менен жакындашуу максатында империяга элчилик жиберген. 1857-жылдын 28-сентябрындагы Батыш Сибирь генерал-губернаторунун жазганына караганда «кыргыздардын көп сандуу сарыбагыш уруусу анын улуу даражалуулугу императордун өкүмүнө кирүүнү сураган».

Түркстан генерал-губернатордугу 1906-жылдын 28-сентябрында революциялык кыймылга катышкандарга каршы «өзгөчө буйрук» чыгарган. Буйрукта каралгандай коммунисттик идеяларды жайылтып, калк арасында чагымчыл иштерди жүргүзгөн адамдар кармалып, сот жообуна тартыла тургандыгы крсөтүлөт.

1916-жылкы көтөрүлүштө жалаң эле кыргыз же орустар эмес башка калк өкүлдөрү да жапа чеккен. Пржевальск шаарын камоо маалында 400дөн ашык кытай букалары өлтүрүлүп, орус бийлигинин буйругу боюнча 4 миң чамалуу кытай улутунун өкүлдөрү шаар сыртына көчүрүлгөн. Жер которуу маалында кытайлыктардын мал, мүлкү таланып алынгандыктан кытай өкмөтү Пекиндеги орус өкүлчүлүгүнө кайрылып, чыгымды толук өндүрүп берүүсүн талап кылган. Бу туурасында маалымат Тыш иштер министрлигинен алынып, 1916-жылдын 28-сентябрында Түрстан генерал-губернатордугунда талкууланган.

Кыргыз ТАГдын 1969-жылдын бу күнкү маалымдоосуна ылайык Ысыккөлдүн эң терең точкасы 660 метрге туура келээри аныкталды. Буга чейин жүргүзүлгөн ченөө боюнча көлдүн терең точкасы 702 метрге барабар деп эсептелинип келген. Жергиликтүү карыялардын айтымында, убагында Ысыккөлдүн толкуну Пржевальскинин эстелигине чарпылып турчу экен. Кийин көл тартылып отуруп, азыркы абалына жеткен.

Бул күнү, 1066-жылы Вильгельм Баскынчы баштаган норманндар Англияга каптап кирип, 1618-жылы Брюсселде биринчи ломбард ачылып, 1925-жылы СССРде милиция туурасында Жобо кабыл алынып, б. з. ч. 551-жылы кытай ойчулу Конфуций, 1573-жылы италиялык художник Микеланджело, 1698-жылы француз математиги Пьер де Моперюи, 1852-жылы француз химиги, Нобель сыйлыгынынын лауреаты, фторду тапкан Анри Муассан жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG