Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

«АК ШУМКАР» ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮП БАШТАДЫ


«Ак шумкар» партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин конференциясында өлкөдөгү саясий кырдаал жана партиянын уюштуруу иштери талкууланды. Конференцияда айкын болгондой «Ак шумкар» партиясы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдык көрүүгө киришет.

«Ак шумкар» - өлкөдөгү жаш партиялардын бири. Ал алгач Демократиялык күчтөрдүн биримдиги партиясы деп түзүлүп, уюштуруучулары Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, саясатчы Бакыт Бешимов болгон. Быйылкы жылы партия атын өзгөртүп, демократиялык күчтөрдүн биримдиги – “Ак шумкар” партиясы деп аталып калды.

Бул партия оппозициялык маанайдагы партия. Ошондуктан, 27-сентябрда болгон конференцияда бийликке карата кескин сындар айтылды. Конференция Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага чакырылган 367 делегат катышты. Өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал боюнча негизги докладды партиянын тең төрагаларынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев жасады. Ал сөз башында эле азыркы президент Курманбек Бакиевди кескин сынга алып, жаңы бийлик мурунку бийликтин көчүрмөсү болуп калды деген пикирин билдирди:

-Конституциялык реформаны ийгиликтүү өткөрүү үчүн «Ак шумкар партиясы президентке бир катар сунуштар менен кайрылды. Алардын айрымдары тууралуу айта кетейин. Биринчиден, Кыргыз Республикасынын президенттин түздөн-түз жалпы эл тарабынан, жашыруун добуш берүү менен шайланышы керек деген жобо долбоорго киргизилиш керек. Экинчиден, президентке гана баш ийген мамлекеттик органдарды түзүүгө жол бербөө, үчүнчүдөн, жергиликтүү судьяларды кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартууга уруксатты президент эмес, Жогорку Кеңеш, же Конституциялык сотко бериш керек. Төртүнчүдөн,жергигиликтүү бийлик башчыларына талапкерлерди көрсөтүүгө укукту жергиликтүү депутаттарга өткөрүп берүү. Биз ушундай сунуштарды бердик.

Темир Сариевдин сөзүнө караганда, Ак шумкар партиясы мөөнөтсүз парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү баштайт жана партиянын өлкөнү кризистен алып чыгуу боюнча өзүнүн программасы болот.

Талкуу сөзгө чыккан конференциянын катышуучулары негизинен кымбатчылык жана инфляция тууралуу маселе козгоп, бийликтин калкты социалдык жактан коргоо ишине сын айтты.Партиянын мүчөлөрүнүн бири Азиз Мамбетмусаев конституциялык реформа зарылчылыгы тууралуу мындай оюн билдирди:

-Конституциялык реформа мага керек эмес. Анткени, биздин муундагы адамдар жакшыбы-жаманбы СССРдин убагындагы конституция менен жашаганбыз. Конституция биздин келечек муундарга, биздин балдарга, алардын балдарына керек. Тилекке каршы андай конституция сунушталган жок.

Конференциянын жүрүшүндө партиянын Бишкек шаардык кеңешинин мүчөлөрү жана партиянын кезектеги курултайына делегаттар шайланды. Андан сырткары партиянын кайрылуусу кабыл алынды. Кайрылууда өлкөдө татаал кырдаал түзүлгөнү, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлбөй жатканы, баалардын өсүп, аз камсыз болгон үйбүлөлөр катуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгиленген. Мындай кырдаалда «Ак шумкар» партиясы жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр жана партия негизги көңүлдү адамга бөлөт, деп билдирди партия лидерлери.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG