Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

МЬЯНМАДА ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР УЛАНУУДА


Мьянма, же мурдагы Бирмада демонстранттарга күч колдонуп, бир нече киши каза тапканына карабай, бүгүн да эл көчө жүрүштөрүнө чыкты. Бейшемби күнкү кандуу окуялардан кийин АКШ өлкөнү дээрлик 45 жылдан бери бийлеп келаткан аскерий хунтага каршы жаңы санкция киргизди.

Куралдуу күчтөр Мьянманын баш калаасы Рангундун борборун, бир катар монастырларды курчоого алып, коопсуздук чараларын күчөтүштү. Кээ бир кабарларга караганда, бийлик Интернет байланышына тоскоолдуктарды түзүп жатат.

Бутпарас кечилдер баштаган демонстрациялар дээрлик бир айдан бери уланып келатат. Кымбатчылык, хунтанын репрессивдүү режимине каршы нааразылык акцияларына катышкандардын саны улам көбөйүп жатты. Бийлик адегенде тынч жүрүштөргө каршы катаң чара көрүүгө батынган жок, бирок шаршембиден бери демонстранттарга ок атылганы, бир нече киши ажал тапканы, жүздөгөн адам камакка алынганы тууралуу кабарлар түшө баштады.

Мьянманын расмий бийликтери 9 адамдын өлүмүн тастыктады. Алардын бири – япониялык журналист, демонстрацияларды сүрөткө тартып жаткан жеринен ок жеп мерт болду.

Австралиянын Рангундагы элчиси Боб Дэвис болсо курман болгондорун саны мындан да көп болушу ыктымал деп эсептейт.

Мьянма мүчө болуп кирген Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы - АСЕАН кан төгүлгөнүн “жагымсыз окуя” деп атады. 9 өлкөнүн тышкы иштер министрлери кабыл алган документти Сингапурдун өкүлү Жорж Ео окуду:

-Элге каршы курал колдонду деген кабарды министрлер кабатырлануу менен кабыл алышты жана Мьянма өкмөтүнөн күч колдонуудан баш тартуу талап кылынды. Министрлер демонстранцияларды күч менен басуу аракеттери көрүлүп, натыйжада бир нече адам каза тапты деген маалыматтарга байланыштуу Мьянманын тышкы мекемесинин жетекчиси Ниян Винге нааразылыгын билдиришти. Алар Мьянманы абалдан чыгуунун саясий жолун табууга үндөштү.

Адатта консенсус жана бири биринин иштерине кийлигишпөө саясатын карманган АСЕАНдын бул билдирүүсү кескиндиги менен айырмаланды. Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер аны маанилүү оң жылыш катары баалады:

-АСЕАН өтө катуу билдирүү жасады. Уюмга мүчө мамлекеттер Мьянмага эффективдүү кысым көргөзө ала турган бирден бир өлкөлөр. Бул - демократия, Мьянмадагы демонстранттар үчүн ийгилик.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондилиза Райс да АСЕАНдын билдирүүсүн жогору баалады. Ага удаа бийликтеги хунта БУУнун атайын өкүлү Ибрагим Гамбарини кабыл алууга макул болду. Дипломат кризисти талкуулоо үчүн Мьманга 29-сентябрда бармакчы.

Бейшемби күнкү ок атуулардан кийин АКШ өлкөнүн жогорку 10 жетекчисине каршы санкция киргизди. Токио япониялык фотожурналисттин өлүмүнөн кийин Мьянмага берилип келаткан гуманитардык жардамды токтотуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Мьянмада мындай ири демонстрациялар 1988-жылы орун алган. Анда көтөрүлүштү басуу үчүн армия тартылып, 3 миңдей киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG