Коалициялык күчтөрдүн колбашчысы,америкалык генерал Дэвид Петрэус Иракта оңунан чыкпай жаткан иштердин баары үчүн эле Иранды айыптоодон алыс экенин айтып, бирок Тегерандын активдүүлүгү таасын сезилип жатканын, муну козголоңчулардын өтө кыйды ыкмаларга өтө баштаганынан көрсө болорун белгилеген эле. Колбашчынын сөзүн бышыктап, бригадалык генерал Кевин Бергнер Иран ислам революциясынын сакчылар гвардиясын “Хезболланын” аскери тапкөйлөрү менен бирге күнүнө 20-60 кишини уруштун усулуна жатыктырып, кайра тымызын Иракка жөнөтүп жатканы үчүн айыптады.
Иран менен Ирактын 1500 чакырымга созулган чек ара тилкесинен америкалык аскери чиновниктер Вазит провинциясын өзгөчө опуртал аймак эсептешет. Ошондуктан жаңы чек ара бекетин Зурбатия шаарына жакын, Ирандын аймагынан болгону жети чакырым алысыраак жерге курууну чечишти. Застава ноябрда бүткөрүлгөн соң ага Грузиянын жүзгө чукул жоокери, америкалыктардан 70 солдат келип жайгашат. Аларга кийин жаңы кошумча бөлүк жөнөтүлөт.
Вазит провинциясында грузиндердин 2 миңдей контингенти кызмат өтөп жатат. “Айрым маалыматтарга караганда, Ирандан Иракка ушул провинция аркылуу курал-жарак ташылып өтөт. Азырынча буга бөгөт койгон эч ким жок,бирок грузин солдаттары бул аймакты күзөтүүгө киришкенде коога-калба күч алышы мүмкүн”, - дейт Грузиянын коргоо министри Давит Кезерашвили.
Вазит провинциясын негизинен шейиттер байырлашат. Бул аймак алмустактан бери эле аткезчиликтин түйүндүү жолу болуп келгендиктен байкоочулардын көбү курал-жарак,ок-дүрмөт,уруш үчүн керектүү башка да каражаттар Ирактагы козголоңчуларга ушул аймак аркылуу келип жатат деп эсептешет. Өткөн айда америкалык аскерлер Багдаддын түштүк ыптасындагы чек ара аймактарынан Иран ислам революциясынын сакчылар корпусунун элүү чакты мүчөсүн байкашкан эле.
АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы мындан үч-төрт күн мурда Ирандын аталган тандалма аскер корпусун дүйнөлүк террордук уюмдардын тизмесине киргизди.