Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

КОСОВО МАСЕЛЕСИ ЕВРОПАНЫ ДА ЭКИ АНЖЫ КЫЛУУДА


Жума күнү Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде Сербия менен Косовонун лидерлери провинциянын статусуна байланыштуу тике сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Байланыш тобуна кирген алты өлкөнүн тышкы иштер министрлери Белград менен Приштинаны алгылыктуу чечим табууга чакырышкан эле.

Косово проблемасы боюнча эл аралык арачылардын байланыш тобу – АКШ, Британия, Германия, Италия, Россия жана Франция – тышкы иштер министрлер деңгээлинде өткөрүлгөн жолугушуудан соң эки тарапты мунасалуу чечимге келүүгө чакырышкан эле.

Сүйлөшүүлөр башталар алдында Сербия Косового кеңири пландагы автономия бергенге, атүгүл провинциянын чек арасын көзөмөлдөгөндөн баш тартууга да даяр экенин кыйытты. Бирок косоволук албан лидерлери провинциянын эл аралык байкоодогу толук көз карандысыздыгына гана макул болушарын кайрадан карыша ырасташты.

Провинциянын көз карандысыздыгын АКШ жана Евросоюздун бир катар өлкөлөрү колдошот. Байланыш тобунун Нью-Йорктогу жолугушуусунда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс провинциянын эгемендиги гана бирден-бир туура жол болорун айтып, эгер европалыктар Балкандагы баракатчылыкты каалашса, анда ушул багытта так кесер чечимге келиши керектигин айткан эле.

Деген менен Косового толук көз карандысыздык берүү идеясына европалыктардын баары эле ийип кетишкен жок. Италияда,мисалы, провинциянын өз алдынча мамлекет болуп кетерине ишеңкиребеген көз караштар бар. Германиянын позициясы да бир беткей эмес. Айрым немец эксперттери Косово үчүн көз карандысыздыктан башка бардык вариант жакшы деп эсептешет. Чехия, Кипр, Греция Сербия менен илгертен түзүлгөн жакшы сааналаш мамиленин аңытында Белграддын позициясына көбүрөөк ыкташат. Румыния менен Словакия өздөрүндөгү можарлар тайпасын ойлоп, аларга косоволуктардын үйүтү жукпагай эле деп сабырсызданышат. Венгрия болсо Сербиянын Воеводина провинциясында көпчүлүктү түзгөн можарларга байланыштуу Белградды таарынтып алуудан тартынчыктап турат. Бир гана Испания косоволуктарга көз карандысыздык берилишине ачык каршы чыгууда. Ырасмий Мадрид мындай модел баск сепаратисттерине да сөзсүз дем берет,алардын дымагын ашырат деп коркот.

Сербиянын президенти Борис Тадич Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясындагы сөзүндө Косово кокус бир тараптуу негизде көз карандысыздыгын жарыялай турган болсо жалпы Балканда кайрадан бүлүк-бүлгүн башталарын, башкалар үчүн да укуктук жактан өтө кооптуу өнөгө түзүлөрүн эскертти.

Косоволук албандардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө кайрылып, серб президенти аларды провинциянын статусу боюнча алдын-ала шарт койбогон сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Тадич ушундай жол менен гана эки тарапты бирдей алымсындырган, сербдер менен албандарды араздаштырбастан, жараштырган узак мөөнөттүү мунаса тапканга болот деп ишенет.

XS
SM
MD
LG