Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

ОРУСИЯ: ЖАҢЫ ӨКМӨТКӨ МҮЧӨ БОЛГОН КИМ, БОЛБОГОН КИМ?


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын өкүмөтүнө кимдер келди, кимдер кетти деген суроо коомчулукта дагы эле кеңири талкууланууда. Аптанын башында прездиент Владимир Путин өкмөттүн мүчөлөрүн жаңыртканда, мурдагы министрлерден Герман Греф, Владимир Яковлев жана Михаил Зурабовдон башкасы өз орундарын сактап калышкан. Финансы министри Алексей Кудрин мурдагы ордун гана эмес вице-премьер да болуп кызматынан өйдөлөгөн. Сергей Иванов менен Дмитрий Медведев өкмөткө биринчи орун басарлык орундарын сактап калышкан. Ошондон улам анализчилер жарытылуу өзгөрүү болбогондон кийин министрлер кеңсесин таркатып эмне кереги бар эле?,- дешет. Михаил Фрадков жетектеген мурдагы өкүмөт 12-сентябрда отставкага кетирилген.

Коомчулукка жек көрүндү болуп калган мурдагы өкмөттүн мүчөсү Михаил Зурабовдун ордун, башкача айтканда өлкөнүн саламттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин ордун Татьяна Голикова басты. Буга чейин ал айым ошол эле министрликте орун басар болуп келген.

Кеткен Герман Грефтин ордуна, өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана соода министри болуп Эльвира Набиуллина келди. Ал да ошол эле министрликте биринчи орун басар болуп иштеп келаткан экен. Ал 1999-жылы Владимир Путиндин негизги мүдөөлөрүн турмушка ашыруу стратегиялык борборунун президентине орун басар болгон.

Орусиялык президент Владимир Путин министрлер кабинетин бекитип атып, мамлекеттик сыналгы аркылуу билдирген оюнда аны баарыдан мурда стратегиялык маселелер тынчсыздандыра тургандыгын айткан. Ошол максатты ишке ашырууда жаңы өкмөт ага колдоо болорун жашырган эмес:

- Жаңы өкүмөт башчысы Виктор Зубковдун жетекчилиги астында алдыга коюлган маселелердин ишке чындап ашышынан чоң үмүтүм бар.

Голикова менен Набиуллинага караганда Дмитрий Козак орусиялык саясатка кеңири аралашкан киши. Буга дейре эле талдоочулар аны бир туруп өкүмөт башчы болот, бир туруп Башкы прокурор болот, ал тургай президенттин мураскору болот экен дей коюп келатышкан.

Аймактык өнүгүү министрлигинен Владимир Яковлев кетип, анын ордуна Козак келди. Анализчилер арасы аны кремилдик бийликтеги «питердик либералдар» тобун негиздөөчүлөрдүн бири дешет. Ал да Набиуллина сыңары 2004-жылы Путиндин шайлоо штабын жетектеген. Ошол эле жылдын сентябрь айынан тартып президенттин Түштүк округундагы өкүлү болуп иштеп, экспертер баамында, ал бул жылдары Түндүк Кавказга президенттин түз башкаруусун чындап орното алды.

Улуттук стратегиялык институттун директору Станислав Белковскийдин айтымында, өкмөттүн курамы болсун, келген жана кеткен кишилери болсун анча өзгөрүүгө учурабады. Анын себеби мындайча:

- Бул - демекчи, таанылып калган путиндик ырааттуулукту чайпалтып албаш үчүн, кандай гана аракет болбосун аны алардан сактоо үчүн жасалган кадам дегенди билдирет.

Ал эми «Меркатор» иликтөө борборунун жетекчиси Дмитрий Орешкин айтканга караганда өкүмөттү кайра түзүп чыгуу, кирип келген шайлоонун камын жеш менен байланышкан:

- Өкмөт чыныгы шайлоо штабына айланууга тийиш, ал каражаттардын аймактарга ошондой эле добуш берүүчүлөргө дейре өз маалында так жетип атабы ошого көз салуулары тийиш.

XS
SM
MD
LG