Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

БАЛЫКЧЫДАН КИМ ДЕПУТАТ БОЛОТ?


№69 Балыкчы шайлоо чөлкөмүндө депутаттыкка талапкерлерди шайлоо өтүп жатат. Ага атсалышкан талапкерлердин арасында Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин жактоочулары катталганы айтылууда.

Балыкчыдан шайлоо өткөрүү белгиленген күндөн баштап, бул округдагы саясий өнөктүк өтө курч кырдаалда өтөөрү кеп болуп жаткан. Анын үстүнө адеп башталганда эле он беш талапкер катталганы дагы бул кооптонууну бекемдеп койгондой сезилгенин дагы билдиришкен эле. Бирок, президенттин кайрылуусу 21-октябрда белгиленген референдумдан улам шайлоого аттангандар дагы, шайлоочулар дагы бул өнөктүккө көңүл кош мамиле кылып калганын айтып жатышат.

- Жогорку Кеңешти айыптап жатам. Эмне үчүн биздин эл ушундай депутаттарга добуш берип, эмне үчүн шайлоо өткөрүп жатат. Шайлоону өткөрбөй эле койсо болмок. Жөн эле элди кыйноо бул деген. Мурунку шайлоодо эки депутатыбызды өлтүрүп кетишти. Эми мунусу кандай болот деп коркосуң. Иштейби же иштебей калабы деп кооптонуп турабыз,- дешет Бает айылынын шайлоочулары.

Ортотокой айылынын тургундары да ушундай эле пикирде экенин жашырышкан жок.

- Референдум болуп калса, булары кетип калса кандай болот. Эки айга жетпей калып жатпайбы.. Креслого жеткенде эле кайра кеткен жатпайбы,- дейт Ортокой айылынын тургундары.

Жер-жерлерде болгон жолугушууда эл негизинен социалдык абалдын төмөндөгөнүн белгилеп, депутаттарга ишенбей калганын да жашырышкан жок:

- Нан 17 сом, май 100 сом болду. Депутаттын эмне кереги бар.

Балыкчы шаарындагы шайлоочулар менен көз карандысыз байкоочулардын айтуусунда, Рысбек Акматбаевдин жанында жүргөн Максат Абакиров, Камчы Көлбаев тараптан шайлоого аттанып жаткан Узар Жылкыбаев шайлоого катышып жатканын белгилешти эле. Бирок, Жылкыбаев Көлбаевге тиешеси жок экенин жана атаандашы менен мамилеси дурус экенин ырастады. Ал эми эл менен болгон жолугушуу учурунда Рысбек Акматбаевдин атасы Абумалик аксакал депутаттыкка ат салышпай калганын уулунун жанындагы балага жол бошоткону менен түшүндүрүп, элди Максат Абакировго үгүттөп жүрдү. Ошентип, Балыкчы округунан катталган он беш талапкердин бешөө шайлоого катышуудан баш тартты. Бирок, шайлоого барууга мажбур болуп калганын шайлоо комиссиясы төмөндөгүдөй чечмеледи.

- Себеби, арызды беш күн калганда берген. Кодекс боюнча он беш күн калганда бериш керек болчу. Азыр бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынан чечилет. Бул боюнча шайлоого барышы мүмкүн,- деди Бакас Айсултанов.

Балыкчыдагы шайлоого 420 миң сом бөлүнүп, 26 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ал эми талдоочулар болсо 30 миңге жакын шайлоочунун добушу 11 талапкерге бөлүнсө, экинчи айлампа өтөөрүн боолголоп жатышат.

XS
SM
MD
LG