Бүгүнкү парламенттик шайлоого сурамжылоолордо белгиленгендей 80 % шайлоочулар келиши ыктымал. Ошол эле сурамжылоолордо Виктор Янукович жетектеген Региондор партиясы алдыга озуп чыга турганы, экинчи орун Юлия Тимошенконун блогуна тийери, ал эми үчүнчү орунду президент Виктор Ющенконун «Биздин Украина – элдик коргонуу» блогу камсыз кылары айтылат. Шайлоо өнөктүгүнө жыйырма партиядан 4857 талапкер катышууда.
Украинада 37 миллиондон ашуун добуш берүүгө укуктуу жарандар катталган. Президент Виктор Ющенко Киевде өз добушун бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул шайлоо Украинанын саясий күчтөрү арасында өз ара түшүнүшүнү, чыдамдуулукту, стабилдүүлүктү жана экономикалык өнүгүүнү алып келиши керектигин айтты. Ал эми Виктор Янукович добуш берген соң анын партиясы жеңишке жетерине ишене турганын баса белгиледи. Шайлоонун жүрүшүнө жүздөгөн шайлоочулар көз салышмакчы. ЕККУ Украинадагы парламенттик шайлоого көз салуу үчүн өзүнүн 700 байкоочусун жиберген эле. Жалпысынан шайлоого 3 миңден ашуун чет элдик байкоочулар көз салышууда.