Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук кызмат жетекчисинин кеңешчиси Иван Бунетько 243 шайлоочунун тизмеси түзүлүп, алардын баарына чакыруу кагаздары жөнөтүлгөнүн, шайлоо эртең мененки саат жетиден кечки саат онго чейин улантыларын маалымдады.
- Бул шайлоого Кыргызстанда убактылуу же туруктуу жашаган украин жарандары катыша алат. Ошондой эле бул жерге иш сапары же туристтик максатта келген украиндыктар добуш бере алышат. Шайлоого чейин мыйзам тартибине ылайык консул эсебинде катталган Кыргызстандагы украиндыктардын тизмеси түзүлгөн. Kонсул эсебинде 243 киши турган, ошолордун баары тизмеге киргизилди,- дейт И.Бунетько.
Элчиликте ачылган шайлоо участкасынын төрайымы Лариса Барабанова таң эртеден тарта добуш берүүчүлөр саны көбөйүп баратканын белгиледи.
- Азыр жакшы эле келип жатышат. Кишилер ойгонуп, добуш беришүүдө. Биз буга кубанып олтурабыз.
Украинанын Сумы облусунда шайлоого байкоочу катары катышып жаткан Демократия жана жарандык коом үчүн бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев добуш берүү активдүү өтүп жатканын ырастады. Анын айтуусунда, шайлоo жыйынтыгы кандай чыгарын алдын-ала болжол кылыш кыйын. Антсе да көпчүлүктүн добушу белгилүү 3 саясий күчкө ооп кетиш ыктымалдыгы бар.
- «Сары тараптагылар» деп атпайбызбы. Ю.Тимошенкону жактоочулар. Экинчиси болсо В.Янукович тараптагылар, «көктөр». В.Ющенкону колдогон «Биздин Украина» деген партия бар. Ошолорго ыктагандар азыр көп болуп жатат. Бирок, жыйынтыкты так айтыш кыйын.
Кезексиз парламенттик шайлоого бул ирет Украинанын 21 партиясы катышууда. Мурдагы шайлоодо партиялардын саны мындан эки эсе арбын болчу. Жыргалбек Турдукожоев кезексиз шайлоонун жыйынтыгында Украина парламенти – Улуу Рада курамы жагынан олуттуу дегидей өзгөрүүгө учуруп кетиши деле кыйын деген пикирде.
- Парламентте өтө олуттуу өзгөрүү болуп кетет, деп айтыш кыйын.
Украин шайлоочулар комитетинин өкүлү Олеся Кирий кезексиз парламенттик шайлоо тынч өтүп жатканын, бирок да ага кошулуп айрым проблемалар бар экендигин маалымдады.
- Мурда биз күткөндөй эле арыз менен кайрылгандар болууда. Айрым шайлоочулар өз участогундагы тизмеге кирбей калган фактылары бар. Жаңы киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык 2 күн калганга чейин, так айтканда 27-сентябрга карата шайлоочулар тизмеси жашыруун сакталчу. Ага сот аркылуу да өзгөртүү киргизүүгө эч кимдин акысы жок. Чынында эле мурдарaак тизмеге кирген-кирбегенин текшерип койбогон айрым шайлоочулар эми добуш бере алышпайт. Башка чатакты биз азырынча байкай элекпиз.
Парламент шайлоону жалаң партиялык тизме менен өткөрүү жөрөлгөсүнө ушу тапта Кыргызстан да кызыгууда. 21-октябрга белгиленген референдумда Башмыйзамдын жаңы редакциясы жалпы элдик колдоого ээ болуп калса парламент шайлоо партиялык тизме менен өтмөкчү. Жүздөн ашуун партиялардын ичинен иргелип отуруп калк колдоосуна ээ болгону парламентке келип, өкмөт түзүүгө киришет. Сүрмөтоп партиялардын саны шайлоо сайын азайып, иргелип каларын Украина тажрыйбасы да ырастоодо.