Сурамжылоолорго караганда, президент Виктор Юшенконун партиясы бул жолу чоң ийгиликке жетише албайт. Добуштардын көпчүлүгү анын москвачыл атаандашы, премьер-министр Виктор Януковичтин Региондор партиясына тийет деп күтүлүүдө. Бирок президент экс-өкмөт башчы Юлия Тимошенко менен альянс түзүүнү көздөөдө. Алар биригип Януковичтен көбүрөөк добуш алса, парламенттеги үстөмдүккө ээ боло алышат. Арийне коалиция түзүү үчүн бир нече апта талап кылынат.
Добуш бергенден кийин Юшенко бардык саясий партиялар шайлоонун жыйынтыгын таанышат деген үмүтүн билдирди. Кечээ болсо улуттук телеканалдан сүйлөп, президент:
- Дүйнө биздин өклөдөгү окуяларга агылгалап байкоо салып турат. Бардык шериктерибизге, шайлоого көзөмөл жасагандарга ыраазычылыгымды билдирем. Мен алар шайлоонун эларалык стандарттарга ылайык өтөөрүнө күбө болушат деп ойлойм.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого 700 байкоочусун жиберген.
Премьер Янукович болсо бүгүн добуш бергенден кийин анын партиясы “прагматикалык” саясий күчтөр менен коалицияга барууга даяр деди. Ал ошондой эле шайлоодон кийин эч кандай чыр-чатак болбойт деп ишенээрин кошумчалады.
- Менимче, бул – бүтүндөй Украин улуту үчүн сынак. Мындан кийин эрте шайлоолор болбойт деп ойлойм.
Бирок премьердин бул сөздөрү анын буга чейинки билдирүүсүнө карама каршы келет. Атап айтканда, Янукович Тимошенко менен президентти шайлоону бурмалаганга даярданып жатышат деп күнөөлөп, андай болсо, элди көчөлөргө алып чыгам деп эскерткен.
Юшенко менен Янукович өз ара тил табыша албай, былтыркы марттан бери өлкө улам бир саясий кризиске такалып келатат. Бүгүнкү шайлоонун расмий жыйынтыктары 1-октябрда эртең менен белгилүү болот деп күтүлүүдө.