Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

1-ОКТЯБРДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Орус драма театрына караштуу уюшулган Жаш жеткинчектердин театрынын биринчи спектакли 1943-жылдын 1-октябрында коюлган. Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинде 1934-жылдын 1-октябрында айтылуу сүрөтчү Семён Чуйковдун чыгармачыл көрсөтмөсү өткөрүлдү.

Фрунзе шаарынын чет жакасында орун алган «Красный строитель» кирпич заводунда 1928-жылдын 1-октябрындагы жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтыгы болуп көрбөгөндөй шалаакылыктын бетин ачкан. Ишкана курулгандан берки эки жыл аралыгында ал жалаң чыгымга иштеген. «Красный строитель» чыгарган кирпич сапатсыз жасалып, кардарлардын адилет арызын жараткан. Текшерүүчүлөр «ишканада карта оюну менен самагон сатуу күч алган», деп жыйынтык чыгарышкан.

Ташкент темир жолу 1929-жылдын 1-октябрында бир канча бөлүктөргө бөлүнгөн. Пишпек-Луговой-Арыс тармагы жаңыдан уюшулган Түркстан-Сибирь темир жолунун Алма-Ата башкармалыгына берилген.

Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинде 1934-жылдын 1-октябрында айтылуу сүрөтчү Семён Чуйковдун чыгармачыл көрсөтмөсү өткөрүлдү. Көрсөтмө кыргыз өкмөтунүн тапшырмасына ылайык «Кыргызстандын колониялдык өтүшү», «Эскиден жаңычылдыкка» аталыш менен көрсөтүлдү. Мындан тышкаары, СССР Революциялык кеңешинин тапшырмасы боюнча аткарылган «Кыргыз улуттук дивизиясынын эс алуучусу айылда» аталган сүрөтү коюлду.
Орус драма театрына караштуу уюшулган Жаш жеткинчектердин театрынын биринчи спектаклы 1943-жылдын 1-октябрында көрсөтүлгөн. Жаш жеткинчектердин театры В. Катаевдин «Жалгызсырайт ак парус» китебинин негизинде коюлган.

Кыргыз ССР прокуратурасы 1944-жылдын 1-октябрында коргонуу өнөр жайларынан качкан «дезертирлерди» жумушка алган ишкана жетекчилерине каршы кылмыш иши козголо тургандыгын эскертти. Прокуратуранын адегендеги кылтагына «Ала Тоо» кинотеатрынын директору Пиронер менен Кант районундагы Ленин колхозунун башкармасы Николаенколор кабылышкан.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи жолку жаңжалдуу жалдама киши өлтүрүү аракети 1994-жылдын 1-октябрында жасалды. Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган «Тянь-Шань» ресторанына гранатамёт атылып, «Жигули» автомашинасында отурган эки аял жаракат алган. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык кол салуу жаңы бизнесменге каршы жасалган.
XS
SM
MD
LG