Кечээ добуш берүүгө өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын 60 проценттен ашыгы катышты. Айрым региондор өзгөчө активдүүлүгү, айрымдары пассивдүүлүгү менен айрымаланды. Шайлоочулардын саясий медили да ар түрдүү болду. Өлкөнүн чыгыш жана түштүк аймактарында региондор партиясын, борбордук жана батыш чөлкөмдөрдө Юлия Тимошенконун блогун колдогондор көп болду.
Борбордук шайлоо комиссиясында добуштардын санагы жүрүп жатат. Алгачкы ырасмий жыйынтыктар бүгүн эрте менен маалым болуп калышы мүмкүн.
Социологиялык бир нече борбор добуш берип чыккандар арасында жүргүзгөн сурамжыларга караганда региондор партиясы - 35,5, Тимошенконун блогу - 31,5 процент добуш алышы мүмкүн. Президентчил “Биздин Украина-Элдик өздүк коргоо” блогунун көрсөткүчү алардан эки эсе аз –14 процент тегерегинде болушу ыктымал. Ошол эле экзит-полдун натыйжаларына ылайык, коммунисттер менен экс-спикер Владимир Литвиндин блогу да парламентке өтүшү ажеп эмес. Ал эми азыркы спикер Александр Мороздун социалисттик партиясы чийинден тышкары калат шекилди.
Экзит-полдун натыйжаларын негизги атаандаш партиялар кеңири комментариялашкан жок. Болгону президентчил блоктун саясий кеңешинин төрагасы демократиялык күчтөр жаңы парламентте көпчүлүк орунга ээ болоруна бекем ишенич бар экенин белгиледи. Ющенконун тарапкерлери Тимошенконун блогу менен коалиция түзүү тууралуу макулдашкан. Ырасмий келишимге эми тараптар парламентте кол койгонго ниеттенип жатышат.
Шайлоонун жүрүшүнө эл аралык үч миңдей байкоочулар көз салып турушту. Алардын алгачкы корутундулары да бүгүн жарыяланат.