Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

АННА ПОЛИТКОВСКАЯНЫН КИТЕБИНЕ ГЕРМАНИЯНЫН АДАБИЙ СЫЙЛЫГЫ ЫЙГАРЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мындан бир жыл мурда киши колдуу болуп өлгөн орусиялык журналист Анна Политковскаянын «Орус күндөлүгү» аттуу акыркы китебине немистик адабий сыйлык тапшырылды. «Эркин Европа жана Азаттыктын» Германиядагы кабарчысы Юрий Векслер билдиргенге караганда, жюринин бүтүмүндө: «Политковская террор менен кайдыгерликтин тепсөөрүнүндө калган күнөөсүз адамдардын ал-абалын чындап боору ооруу менен чагылдырган» - деп жазылган. 1980-жылдан бери ар жыл сайын ыйгарылып келе жаткан эл аралык ал сыйлыктын 10 миң евро жөлөк пулу бар.

Анна Политковскаянын «Орус күндөлүгү» аттуу китеби үстүдө жылдын жакасында Кёльн калаада өткөн адабий фестивалы учурунда немис тилинде басылып чыгып, коомчулукту кыйла дуу-дуу кылган экен. Ар күн сайын толгонуп толтуруп жүргөн күндөлүгүндө Политковская өлкөдөгү эң олуттуу окуяларды чагылдырган.

Ал күндөрү Ессентукиде поездди жардыруу болгондо Путин канчанчы жолу өз атуулдарын коргой албагандыгы үчүн мамлекеттин атынан кечирим сурай албаганына наразы боло Анна күндөлүгүнө жазган. Анын ордуна ал ити Конни тууган күчүктөрдү кимдерге бергени атканы туурасында бүткүл Орусияга жар салган кебин журналист орунсуз болду деп жазган.

Кийинки сүйлөмүндө ал Санкт-Петербургда такырбаш улутчул жаштар кантип 9 жашар тажик кызды бычактап кетишкенин жазат. Фашизмге каршы уюшулган «Ак роза» аталган студенттик кыймылдын мүчөлөрү бир туугандар Ханс жана София Шольдордун жаркын элестерине арнап уюшулган адабий сыйлыкты ыйгаруу эрежесине ылайык, көркөм чыгарма «руханий көз карандысыздыкта жазылып, мааниси жагынан атуулдар эркиндигин, моралдык, интеллектуалдык жана эстетикалык умтулууларды колдоого алган, ошону менен катар ар кездеги жоопкерчиликти түшүнө билүүгө шык кошо турган» чыгарма болууга тийиш.

«Норд Ост» театрын федералдык күчтөр чабуулга алган маалда Маскөөлүк тургун Ирина Фадееванын да 18 жаштагы уулу курман болгон. Анын артынан бийликке жете албаганда журналисттер жаатына кайрылышкан. Бирок бардык эле журналист алардын маселесин басмада чагылдыра алышкан эмес. Анна Политковская алардын арыз-муңун угуп, макала жазган. Ошондон тарта «Норд Осттон» жабыр тарткандар аны менен тыгыз байланышта болуп келишкенин эскерет:

«Биз үчүн Анна Политковская - баары болуучу. Ал адам бизди коргоп берер дубалыбыз экенин түшүнгөнбүз. О дүйнөдөн кайра алып келүүчүбүз, ооруган жерибиздеги таңуубуз эле», - дейт.

Дагстандык анализчи Мавлади Саипов орусиялык журналист Анна Политковскаянын адамкерчилигине өзгөчө баа берет:

«Дегинкиси Какавзда кайраттуулук бааланат, ал эми андай кайраткер аял затынан чыкканда ал аябагандай бааланат».

Анна Политковская былтыр 7-октябрда Маскөөдө, үйүнө кирип бараткан жеринен кимдир бирөөлөр тараптан тапанча менен атылып, ошол жерде жан берген. Кылмышкер азыркы тушка дейре табыла элек.

Чыгаан журналисттин бөйдө өлүмүн анын кесиби менен байланыштуу деген божомол айтылып жүрөт. Владимир Путин болсо былтыр "бул киши өлтүрүү анын (Политковскаянын – ММ) жазгандарына караганда азыркы бийликке кыйла жоготуу жана зыян келтирет» деген эле.
XS
SM
MD
LG