- Азык-түлүккө баанын аябай өсүшү, ушуга байланыштуу элдин азыркы кезде кыйынчылыкка батышына байланыштуу болмокчу. Муну дүйнөлүк тендеция деп жатышат. Анысы да чындык окшойт. Бирок бийликтин кемчилиги эмнеде?
- Азык-түлүк баалардын бүгүнкү күндө өсүп атканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, биз 15 жылдан бери айыл-чарбасына көңүл бурган жокпуз, койлордун барын союп, госрезервде болгон нерселердин баарын тараттык. Азыр Кыргызстандын госрезервинде эч нерсе калган жок. Айыл чарба боюнча дүйнөдө өзүнчө саясат бар, бирок Кыргызстанда андай саясат жок. Ошонун негизинде бүгүн баалар кымбаттап атат. Биздин өкмөт кошуна Казакстан менен сүйлөшүп, арзан баадагы буудайдан алып келүүгө аракет кылабыз деген нерсени гана айтып атат. Бирок айыл-чарбасы бул бир күндүк, бир айлык иш менен чечилбейт.
- Султан Исакунович, ушул жерде парламенттин дагы маселесин белгилеп кеткибиз келет. Өкмөт Казакстандан буудай алалы деп бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамды сунуштады. Анда 750 млн. сом бөлүнгөн эле. Парламент эмне үчүн ошол маселени караган жок?
- Бул маселе агрардык комитетте болсо керек, мен башка комитеттемин. Муну мен билген жокмун.
- Саясатка байланыштуу суроого келсек. Сиз кирген “Ак шумкар” партиясы 21-октябрдагы референдумдан кийин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болуш керек деп эсептейби же азыркы Жогорку Кеңеш аягына чейин иштеш керекпи?
- Негизинен жаңы референдум жарыяланып атат. Бул референдум өзү кандай мыйзам ченемдүү болуп атат, бул башка маселе. Бирок ушундай чукул болуп калганын биз колдобой атабыз. Айылдарга барып атабыз, мен кечээ Жалалабаттан келдим. Эл эч нерсе билбейт экен, референдум болорун билет дагы, бирок кандай долбоор коюлуп атат, эмне маселе көтөрүлүп атат, бирөө дагы билбейт экен. Ушуга караганда 2-3 айга созуп койсо болчудай. Бирок “Ак шумкар” партиясы референдумду принцибинде колдойбуз. Жаңы рефрендум кабыл алынгандан кийин эгер эл колдоп берсе, жаңы парламенттик шайлоого барганга даярбыз.
- Бүгүн Аксы окуясы боюнча Жалалабатта сот башталат. Бул парламент сизди жоопкерчиликке тартууга уруксат бербеди. Ошондуктан Башкы прокуратура кылмыш ишин токтотуптур. Ушул соттук териштирүүдө Аксы окуясына адилет баа берилишине көз карашыңыз кандай?
- Аксы окуясы боюнча саясий жетекчилерге, саясатта алек болгон адамдардын бардыгына укук коргоо органдары, прокуратура тарабынан көп эле иш козголуп келген. Бирок ошолордун бардыгы тең саясат. Феликс Куловду 6 жылга жакын камап коюшту, революция болду, Куловду акташты. Ага чейин деле биздин коллегаларыбыз Айбалаевге, Үсөн Сыдыковго, раматылык Камчыбек Кудайбердиевге кылмыш иши козголуп, кол тийбестигин алып койду. Бир жумадан кийин бирин Эсеп палатанын төрагасы кылып, 7-8 айдан кийин “Кыргызалтынга” алып барып дегендей, ушундай эле болуп жүрбөйбү. Ошонун баарын карап көргөндө булардын баары тең эле саясат. Мисалы, облустук администрацияны, макул мени күнөөгө тартсын, бирок райондогу кандуу окуя болгон жердин күбөлөрү, тикеден-тике катышкандардын бирөө да жок болуп атпайбы.
- Маегиңизге ырахмат.