Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

БИР ШАЙЛООНУН САБАКТАРЫ


Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эки саясий күчтүн ортосундагы мунасага байланыштуу чечилет окшоп калды. Шайлоодо олуттуу дегидей одоно мыйзам бузуулар катталбаганы менен, саясий багыт, позициялардын тиреши кыйла эле курч, чоң тиреш-күрөштө өттү. Украинадагы парламент шайлоо системасынын жолоюна түшүүгө кайыл болгон Кыргызстан үчүн бул кезексиз шайлоодон кандай сабактарды алышы мүмкүн?

Демократия жана жарандык коом үчүн бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев бир айдан ашуун убактан бери Украинанын Сумы облусунда кезексиз шайлоого келген эларалык байкоочулардын катарында жүрөт. Анын айтуусунда, Украинанын Сумы облусунда Юлия Тимошенконун блогу менен Виктор Ющенконун таламын талашкан “Биздин Укранина – Элдик кошуун” партиясынын мөрөйү үстөм чыгып, мына ушул саясий эки күчтү колдоочулардын саны арбын болду. Антип көпчүлүктүн ишенимине арзышына ириде оңчулдардын өлкөдөгү саясий-экономикалык реформаларды ыкчам жүргүзүшү негиз берүүдө.

- Украинада биртоп алдыга жылып кетишти. Кыргызстанда мындай болоруна ишенич жок,- дейт Жыргалбек Турдукожоев.

Парламенттин мурдагы спикери Өмүрбек Текебаевдин ырасташынча, Украина менен Кыргызстандын саясий-экономикалык жалпылыгына караганда айырмасы көбүрөөк. Анын себебин экс-спикер мындайча чечмелейт.

- Сунуш кылынып жаткан системанын айырмасы абдан чоң. Бизде президент эбегейсиз бийликке ээ болуп, өкмөттү өзү көзөмөлдөп турат.

Кыргызстандын жалаң партиялык тизме боюнча шайлоо системасына өтүшүнө оңунан чыкпаган эки жолку конституциялык реформа өлкөнүн башкы соту тарабынан четке кагылуусу негиз болгону көпчүлүккө дайын. Эми партиялык тизме боюнча шайлоого өтүү демилгеси көтөрүлө баштаганы менен, “Лица” гезитинин саясий баяндамачысы Александр Кулинскийдин пикиринде, нака партия кандай болору, ал кантип түзүлөрү тууралуу так түшүнүк орун ала элек. Партиялык курулуштун жол-жобосун так сактаган жалгыз “Алга, Кыргызстан!” партиясынын азыр аты калып өзү жок.

- Калгандары калп партиялар же кийин чыкчу партияларга “жем болчу” түзүмдөр гана. Албетте, “Алганын” да проблемалары бар болчу. Элди күч менен партияга киргизүүнүн кыйынчылыгы чыкпай койбойт. Анткен менен, партияга тийиштүү сапаттардын дээрлик баары “Алга, Кыргызстанда!” бар болчу. Ошон үчүн мен партиялык тизме аркылуу шайлоого дегеле ишенбейм. Азыр менин коркунучтуу бир нерседен шүйүм качып турат. Кадим чаң соргучтай баарын бир партияга айдап киргизүү жүрүүдө,- деп айтты А.Кулинский.

Айтылуу журналист бул жүйөөсүн ырастоо үчүн президент К.Бакиевдин элге кайрылуусунан кийин бири-бирине кайнаса каны кошулбаган онго жакын партиядан жеке өзүнө мүчө болуу сунуштары түшкөнүн мисалга тартты. Референдумга коюлган Шайлоо кодексинен кийин мыйзам талабын эске алган партиячылар жаштар менен улуттук азчылыктардын катарынан пикир, көз карашына карабай баарын партия катарына киргизүү аракетине киришкен.

А.Кулинский непадам шайлоо ушул жылдын аягында же эмдиги жылдын башында өтсө, ага ашып барса беш-алты партия гана өтүшү ыктымал деп эсептейт.

Ушу тапта өзгөчө үмүт артылып жаткан Башмыйзамдын жаңы өзгөрүүлөрүндө деле болочокто болуп калышы ыктымал биртоп талаш-тартыштар жатканын Ө.Текебаев мындайча чечмеледи.

- Эгерде бизде оппозициялык партия көбүрөөк добушка ээ болуп өз өкмөтүн шайласа, президент менен өкмөттүн ортосундагы конфликт абдан күчтүү болот.

Айрым байкоочулардын ырасташынча, Украина, Грузия, Кыргызстанды каптап өткөн “жибек ыңкылаптарынын” жакточуларына караганда сындоочулары арбын. Аны ушу таптагы постсоветтик Борбор Азиядагы бийликти түбөлүккө өзүнө энчилеп алган “түшпөс хандардын” же болбосо империялык сүр-дымагы кайрадан ойгонo баштаган лөк мамлекеттердин мамилесинен деле байкоого болот.

XS
SM
MD
LG