Даниел Нолл: «Биз бул сапарда эки жактуу миссияны жарандык дипломаттар катары аткарып жүрөбүз десем болот. Адамдар мамлекет менен жеке инсандардын жеке иш-аракеттеринин ортосундагы айырманы түшүнө билүүсү зарыл. Биз канчалык көп саякаттаган сайын адамдардан ушул ажырымды туура түшүнүүсү жана бетме-бет жолугушканда жеке инсан катары кабыл алуусу бизди кубантат».
Одри Скотт: «Биз саякат учурунда көп маанилүү материалдарды жыйнадык. Айрыкча, биз тарткан сүрөттөр көрүүчүлөр үчүн өзгөчө таасир калтыраарында шек жок. Биз бул сапарыбыз аркылуу, балким, китеп жазабыз. Эң башкысы биз көргөн-билгендерибиз тууралуу чөлкөмдү башкаларга таанытууга салым кошуу максатыбыз деп айтаар элем. Кайсы бир деңгээлде Даниел экөөбүз дагы расмий эмес америкалык дипломаттар катары милдет аткаруудабыз. Биз бул чөлкөмдүн элдерине америкалыктардын нукура жүзүн, табиятын дагы көрсөтүп жатабыз десем жаңылышпайм. Өзүнүздөр билгендей, менин өлкөмдүн эл аралык кадыры азыркы учурда анча жогору эмес. Биз жөнөкөй америкалыктар сиз-биз сыяктуу эле карапайым адамдар экендигин көрсөткүбүз келет».