- Мына, жаңы сунуш кылынган конституцияда көп кемчиликтер бар. Президенттин бийлигин бекемдеген кемчиликтер. Ушулардын эн негизгиси президентти шайлоо укугун так көргөзбөстөн ал мыйзам менен аныкталат деген шилтемеси болуп жатат. Эгер, президенттин тарапкерлери декабрдагы парламенттик шайлоодо көпчүлүктү алып кетсе, алар мыйзамды өзгөртүп, 2010-жылы президентти элге чыгарбай эле өзүлөрү урук-туугандары менен парламентте шайлап коюу мүмкүнчүлүгүн ачып алышат. Президенттин бул шашылыш жасаган жүрүшү, 2009-жылы боло турган президенттик шайлоодо алсыздыгын сезип, алдын-ала иши чатак болуп кете электе, жаз келип газ кымбаттайт, электр кымбаттайт деп атканда алдын-ала өз келечегин аныктап алайын деген аракети. Менин оюмча өлкөнүн тагдыры менен мындай интригалык жол менен ойногон туура эмес деп эсептейм.
Ал эми Адилет министри Марат Кайыпов мындай жүйөлөр түккө турбасын, анткени президент сунуштаган баш мыйзам менен референдумду сындагандар өздөрүнүн жылуу-жумшак орундарын сактап калуу үчүн чуркап жүрүшөт деген ойдо:
- Буга чейин президентти «реформага барбайт, Акаевдин конституциясы менен жашагысы келип атат» деп. Былтыр ноябрда ошентип көчөгө чыгышты эле. Анан президентти жарга такап, конституцияны кабыл алдырып, анысын жактырбай депутаттар кайра жаңы баш мыйзам кабыл алышып… Мындайча айтканда булар биздин баш мыйзамды шылтоо кылып алышкан. Ушинтип упай таап атышат. Негизги максаттары бийликке келүү.
Саясат талдоочулардын арасында да пикирлер ар түрдүү. Маселен, саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, жогоруда айтылган баш мыйзамдын пунктунда эч кандай деле тартыштуу жери жок. Себеби кандай болгон күндө да президенттик шайлоону мыйзам аркылуу парламент аныктайт:
- Баш мыйзамдагы бул статяда «Ким президент боло алат, канча мөөнөт болот алат, беш жылдан эки жолу» деп атат. Анан ким боло алат деп, 35 жаштан 65 жашка чейинкилер, кыргыз тилин билген, жалпы он беш жыл Кыргызстанда жашаган, соттолбогон болуш керек делиптир. Андан кийин “Президентти шайлоо эрежеси мыйзам аркылуу аныкталат” деп атпайбы. Бул абдан туура. Бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кереги жок. Себеби, бул мыйзам боюнча да. А кийин мыйзам кандай жазылат, бул башка маселе. Мыйзамдарды ошол эле парламент кабыл алат да.