Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

УКРАИНА: ЭКИ ПАРТИЯ ЭГЕЙ-ШЫГАЙ ЧЫКЧУДАЙ


Украинадагы мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо кайрадан эки атаандаш партия аныкталды. Алардын эгей-шыгай көрсөткүчтөрү кайрадан саясатчылардын талашына тамызгы боло баштагансыды.

Украинада добуштардын санагы уланууда. Алардын жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы улам-улам жарыялап жатат. Кечээ иңирге чейинки санактардын натыйжасында Юлия Тимошенконун блогу алдыга чыккан эле. Тимошенко атүгүл “саргылжындар” лагеринин айныксыз жеңишин жарыялап да жиберген болчу. “Бу жолку парламенттик шайлоодо демократиялык күчтөр кайрадан утуп чыгышты, демейкидей эле биз биргелешип атаандаштарыбызга караганда көп добуш алдык. Бу өтө кубанычтуу, айныксыз бу жеңиш менен президентти жана бүткүл демократтар командасын куттуктагым келет”, - деп айткан эле Тимошенко.

Бирок кечинде Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү добуштар санагына өткөндө Виктор Януковичтин региондор партиясы негизги атаандашын кууп жетип, андан эки процент озуп кетти. “Саргылжындар эртелеп бүтүм жасап жиберишти, ашыккан ырастоолору менен Украинаны жана анын элин бөлүп-жарганга умтула баштады”, - деп билдирди Янукович.

Тимошенконун блогуна жетекчилик кылгандардын бири өлкөнүн чыгышындагы бир катар райондордо добуштардын санагын атайылап кечиктирип жатканы үчүн атаандаш тарапты айыптап, муну шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо аракети деп атады. Бул кабарга президент Виктор Ющенко дароо мамилесин билдирди. Чыгыш жана түштүк Украинада,тактап айтканда, Донецк, Лугански жана Одесса областтарында, Крым автоном республикасында добуштардын санагы кечиктирилип жаткан себебин кең-кесири түшүндүрүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы менен Башкы прокуратурадан талап кылды. Буга кошумча коопсуздук органдарына ишти тез арада териштирип чыгууну табыштады.

Президенттин блогу үчүнчү орунда калды. Шайлоо алдында Ющенко өз партиясы үчүн бир топ эле үгүт жүргүзсө да жалпы көрсөткүчү он беш проценттен ашчудай эмес.

Парламентке ошондой эле коммунисттер, экс-спикер Владимир Литвиндин блогу өтө турганы калетсиз болуп калды. Аларга социалисттер кошулуп да, кошулбай да калышы ыктымал.

Добуштар толук саналып бүткөн соң Ющенко менен Тимошенконун блогу коалиция түзүшү мүмкүн. Бирок кай бир эксперттер эки тарап ортосунда айрым маселелер чыгышы ыктымал деп эсептешет.

Президенттин партиялаштарына караганда Тимошенконун жааткерлери эки эсе көп добуш алгандыктан өкмөттөгү жана парламенттеги негизги кызматтарды теңме-тең бөлүштүрүүдөн алар айнып кетиши да ажеп эмес.

Янукович болсо Киевде сүйлөгөн сөзүндө эл ишенген жана улутту бириктирген өкмөттү кантсе да кайрадан региондор партиясы жетектеген коалиция түзөрүнө өз колдоочуларын ишендирди.

XS
SM
MD
LG