Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:09

«МАТРЕШКА» ОЮНДАРЫ ДАРЕКТҮҮ ТАСМАГА ЧЫГАТ


"Ата Мекен" партиясы саясаттагы бузук-булганыч оюндар жөнүндө даректүү тасма тартууга киришти. “Эки тагдыр” деп аталган тасмада “Матрешка” чатагы боюнча айыпталган президенттин иниси Жаныш Бакиевдин чуулгандуу окуясы тууралуу баяндалмакчы. Экинчи сюжет "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ээнбаштык кылды деп кармалган иниси Алмаз Текебаевдин тагдырын чагылдырат. Бул даректүү тасманын максаты эки адамдын тагдыры аркылуу өлкөдө соттордун акыйкат эместигин, колдоосу жоктордун кысмакка алынып тутулуп, ал эми чоңдордун жакындары жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатканын коомчулукка көрсөтүү болуп саналат.

"Эки тагдыр" даректүү тасмасында «Матрешка» чатагы үчүн айыпталган Жаныш Бакиевдин окуясы жана Ош шаарында "Гүли" кафесинде ээнбаштык кылды деп кармалып камакта жаткан Алмазбек Текебаевдин окуясы баяндалат. Партия өкүлдөрүнүн айтымында, бул жердеги негизги максат укук коргоо органдары, соттор бийликтеги чоңдордун жакындарын актап, ал эми жөнөкөй катардагы жарандарды кысымга алып жаткан адилетсиз көрүнүштөрдү ашкере кылуу.

- Бул жерде эки адамдын тагдыры баяндалган менен ага окшогон көптөгөн окуялар болуп жатат. Кай бирөө олуттуу кылмыш жасап, күнөөсү айдан ачык болуп турса дагы колунда бийлиги чоң бир байкеси же, иниси чыга калып, же өзү бай болуп, байлыгына таянып, акталып кетип жатат. Ошол эле учурда карапайым адам кичине кылмыш ишине кириптер болуп калса, же туура эмес бирдемени кылып алса, күнөөсү тоодой болуп, ак жеринен караланып, ички иштер жана сот органдары тарабынан камалып кетип жатат,- дейт «Ата Мекен» партиясынын жаштар канатынын өкүлү Жоомарт Сапарбаев.

Аталган тасмада ошондой эле баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жөнүндө да сөз болот. Жоомарт Сапарбаевдин айтымында коомдук жайда элди көзгө илбей мушташкан адамдын чоң кызматка дайындалышы бийликтин моралдык тукулжуроого туш болгонунун айныксыз далили болуп саналат:

- Айтылып келатпайбы УУКнын төрагасынын орун басары болуп жүргөндө үйлөнүү тоюнда мушташ чыгарып, бирөөнү сабап салганы. Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «Ооба мен ушинткем» деп мойнуна алып жатса да, бул кызматка бекилип кетип жатканы туура эмес деп ойлойм. Мындай чоң кызматта иштеп жаткан адам моралдык, саясий жактан таза болуш керек. Ошон үчүн бул кадрды берип кетели деп жатабыз. Анткени, мамлекет, президент өзүнүн жарлыгы менен ушундай моралдык стандарттарды коомго орнотуп жатат.

Өмүрбек Текебаев өткөн жылы сентябрда Варшавада багажындагы матрешка куурчагынан баңгизат чыгып, кармалып, бирок акталып кутулуп келген. Бул окуя коомчулукта «Матрешка» жаңжалы деп дүң болуп, ал үчүн парламент Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп турган Жаныш Бакиевди айыптап, ал кызматынан кеткен. Башкы прокуратура жүргүзгөн тергөө эч нерсе берген эмес. Ал эми Жаныш Бакиев аны жаманатты кылды деп Жогорку Кенешти сотко берип, соттун бардык инстанциясынан утуп чыккан. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев болсо «Матрешка» жаңжалы боюнча күнөөлүүлөр табылбай, иш токтоп турганын, саясий тирешүүлөр күчтүү болгон жерде мыйзам менен укуктун алы келбей каларын сентябрда «Азаттыкка» сүйлөгөн сөзүндө ачык эле айта кеткен болчу.

- Башкы прокуратура тергеп, күнөөлүүлөр табылбай азыр биерде токтоп турат. Бардыгы Жаныш Бакиевди күнөөлөп чыгышты. Күнөөлөгөнүнүн себеби ортодо бир арыз чыга койду, Мамыров деген Жаныш Бакиев жолдомо берген ушундай жасайсын деп. Ал арызды мына экспертизадан өткөзүштү. Бул адам жазган эмес болуп чыкты. Андай арыздан кийин төртөө чыкты “мага тиги команда берген, бул команда берген” деп. Мыйзам дейбиз, укуктук мамлекет дейбиз. Укуктук мамлекетте мыйзамы жакшы аткарыла турган өлкөдө баягый саясый тирешүүлөр катуу, күчтүү боло баштаганда мыйзам дагы, укуктук мамлекет дагы мыйзам жолунда жүрө албай калат окшойт. Закон менен укук четте калат, саясый тирешүүлөрдүн жыйынтыгы ушундай болот экен,- деген болчу Элмурза Сатыбалдиев.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин иниси Алмазбек тентектик кылып, милициянын погонун жулган, кызматтык милдетин аткарып жүргөн адамдарга тоскоол эткен деп айыпталып, 4-сентябрдан бери Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Анын иши тергелип бүтүп, жакында сотко өткөрүлгөн жатат. Алмазбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу аракеттери натыйжа берген эмес. Укук коргоочулар аны агасы Өмүрбек Текебаевдин оппозициялык саясий ишмердиги үчүн кысмакка алынып жатат деген пикир жайылтышууда.

- Кыргызстандын жарандары өзүнүн укугуна өзү ээ эмес. Ал көп деңгээлге, бийик деңгээлге жетиле элекпиз. Агасы Өмүрбек Текебаевге да байланыштуу болушу керек деген ойдон да качпайбыз. Анткени бул азыркы күндө Кыргызстан боюнча өтө күчтүү оппозиционер болуп турат. Ошого да байланыштуу болуш керек. Бул кандайдыр бир моралдык-психологиялык жактан жа кысым болуш керек деп ойлойбуз,- дейт "Атуулдук коом коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун Оштогу башчысы Алийма Шарипова.

"Ата Мекен" партиясынын активисттери "Эки тагдыр" даректүү тасмасын телеканалдардын көрсөтүү мүмкүн эмес деп билишет. Ошондуктан, алар аны видеотабактарга түшүрүп, көбөйтүп, эл арасына жайылткан жатышат.

XS
SM
MD
LG