Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

ЖАЛАЛАБАТ: СОТТОЛУУЧУЛАР АЙЫПТАРЫ МЕНЕН МАКУЛ ЭМЕС


2-октябрда Аксы окуясы боюнча Жалалабатта улантылган сотто мурдагы мамлекеттик төрт кызматкерге расмий айып коюлду. Аксы окуясында жабырлануучулар жөө бараткан элге ок аткандар менен аларга буйрук бергендерди жазага тартуу талабын коюшту. Сотто Жалалабат облустук ички иштер башкармасынын мурдагы жетекчиси Кубаныч Токобаев менен президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов жана ички иштер министрининин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаев менен облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновго кызмат абалынан пайдалангандыгы тууралуу айыптар уктурулду.

Башкы прокуратуранын кылмыш жообуна тартуу тууралу баяндамасын окуган Ош гарнзондук аскер прокурору Нурлан Дүйшембиевдин айтымында областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов 2002-жылы ички иштер кызматкерлерине туура эмес буйруктарды берип, ал буйруктарын аткарбагандарды кылмыш жообуна тартуу менен коркуткан.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов Аксыда оорлошуп кеткен жагдайды түшүндүрмөкчү болгон облустун экс- губернатору Султан Урманаевдин президентке кирүүсүнө мүмкүндүк бербеген. Райондун Карасуу жана Каражыгач айылдарында губернатор менен жолугушуу үчүн 3500 адам чогулганда Карыпкулов Урманаевдин элдин алдына баруусуна тыюу салган:

- Кудайбергенов буйругун аткарбагандарды катуу чара көрүлөт деп коркуткан. Карыпкулов кызмат абалынан ашыра пайдалануу менен Урманаевдин эл менен жолугушуусуна экинчи ирет тоскоолдук кылган. Губернатор менен жолугушпай калган эл Аксыга жөө баратып милиция менен кагылышканда октон төрт адам өлүп, жети киши жарадар болгон, - деди Нурлан Дүйшембиев.

Мамлекеттик айыптоочунун дагы бири Жунус Асранов областтык ички иштер башкармасынын мурдагы башчысы Кубаныч Токобаев алаамат болоор 17-март күнү Аксыда жүргөн орунбасары менен район милиция башчысына районго жиберилген спецназдарга курал берүү тууралу телефон аркылуу буйрук берген жана «Тайфун» операциясын киргизген деген айыптоону окуду:

- Tелефон аркылуу сүйлөшкөндө орунбасары Калбаев менен милиция башчы Кулуевге ОМОНдорго курал-жарак берүү жөнүндө мыйзамсыз буйругун айткан - деди Жунус Асранов.

Соттолуучулар угузулган айыптоолор менен макул эмес. Кубаныч Токобаев телефондо буйрук бергенин четке кагып, “Тайфун” операциясы министрлик тарабынан киргизилгенин айтты:

- Өкмөттүн протоколдук чечиминин негизинде Ички иштер министрлиги тарабынан киргизилген “Тайфун” операциясы негиздүү жана мыйзамдуу деп. Ошондо көрсөтүлүп турат. Саат 17де Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн началнигинин буйругу менен киргизилген жана ички иштер министри тарабынан киргизилген деп турат. Ал эми башкармалык тарабынан киргизилген эмес.

Зоотбек Кудайбергенов тартип сакчыларын коркутпаганын жана Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча мурда жүргүзүлгөн тергөө ишин көчүрүп койгондугун белгиледи.

Аксы окуясында баласынан айрылган Момунбек Четинбаев адамдардын өлүмү боюнча иш ачылбай, айыпкерлер жазага тартылбаганына капа болду:

- Соттон суранабыз, өзүнүн күнөөлөрүн алсын. Өзгөндөгү биздин балдар жөнүндө алиге чейин иш козголгон жок. Пикетке келаткан элдин астын тоскон деген гана берене менен 2-3 киши сурак берип атат. Балдарыңар кайсы жерде, эмне болуп өлдү деген эч кандай сурак болгон жок.

Аксы окуясында күйөөсү өлгөн Айбарча Сатыбекова соттолуучуларга жаза берүүнү жана сотту адамдар өлгөн Боспиек талаасында өткөрүүнү талап кылып, айыпкерлердин актанып жаткандыгы менен макул эместигин билдирди:

- Көргөндөр бар. “Тайфун” операциясын күчүнө киргизген Токобаев болгон. Китептерде, гезиттерде жазылып жүрөт, андан артык кандай далил керек Токобаевге. Колу менен кылганын башы менен тартсын. Ошол кезде бүтүндөй Кыргызстанды бийлеп, башкарып турган Майрам менен Кудайбергенов болгон. Керек болсо Абышкаевдин ролун Кудайбергенов аткарган деген сөзү бар. Эми танат бекен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG