Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

ПХЕНЬЯН ШААРЫНДА КОРЕЯЛЫК САММИТ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Пхеньян шаарында 2-октябрда үч күндүк саммит башталды - Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореяга келип, анын президенти менен жолугууда. Эки жетекчи - 50 жылдан бери расми түрдө аяктай элек Корея согушу жөнүндө чечим кабыл алып, экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Элүү жылдан бери экиге бөлүнгөн Корея жарым аралындагы эки мамлекеттин президенттери алгачкы жолу 2000-жылдын июлунда жолуккан, анда дагы Түштүк Кореянын ал кездеги президенти Ким Дэ Чжун Пхеньянга учуп келген жана кийин ал аракети үчүн Нобел сыйлыгын алган. Түштүк Кореянын азыркы президенти Но Му Хен Пхеньянга машине менен келди жана чек ара аркылуу өтүп жатканда, эки мамлекетти бөлгөн жана жолдо чийилген сары сызыкты аттап өттү:

"Бул сызык биздин элди жарым кылымдан бери дубал сыяктуу бөлүп турат, мага башка эч нерсе көрүнбөйт. Ушул тоскоолдуктан улам, биздин жарандардын, биздин элдин жүрөгү сыздайт. Дал ушул тоскоолдук бизди өнүктүрбөй да жатат", - деди президент Но чек арадан өтүп жатып.

Экинчи октябрда Но Му Хен Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ир жана андан соң өлкө парламентинин спикери Ким Ен Сам менен жолугуп сүйлөштү. Негизги талкуулар 3-октябрда өткөрүлөт, саммиттин акыркы күнү болсо салтанаттуу оюн-зоокторго арналат.

Но Му Хендин айтымында, 1950-жылдардагы согушту расмий түрдө аяктап, эки мамлекет ортосунда тынчтык келишими түзүлүүгө тийиш. Андан тышкары экономикалык кызматташуу маселелери дагы талкууланат. Түндүк Кореянын Кесоң деген аймагында 22 түштүк кореялык компания иштеген атайын экономикалык аймак Сеулдун демилгеси менен кеңейтилиш керек. Даярдалган план боюнча, 2020-жылга чейин бул аймакта аракеттенген түштүк кореялык ишканалардын саны эки миңге чейин жетет жана кызматкерлердин саны 350 миңден ашышы күтүлүүдө. Түндүк Кореяга мындай инвестициялар өтө керек.

Пхеньяндын өзөктүк программаларынын айланасындагы маселе дагы талкууланабы деген суроого президент Но - пикир алмашуу болушу мүмкүн, бирок маселе негизинен Бээжинде өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүдө каралат деп жооп берди. Андан тышкары, согуш аяктагандан кийин дайынсыз жок болгон 485 түштүк кореялык жарандын тагдыры дагы талкууланат. Сеулдун айтымында, аларды Түндүк Кореянын чалгындоо кызматтары туткундап кеткен. Пхеньян болсо ал тууралуу так маалымат бербей келет.

Эки Корея ортосундагы согуш 1950-жылдын июнунда башталган - Түндүк Кореянын аскерлери чек арадан өтүп, кыска мөөнөттүн ичинде Сеул шаарын дагы басып алган. Бириккен Улуттары атайын чечим кабыл алып, Түштүк Кореяны коргоо коалициясы түзүлгөн жана 15-сентябрда америкалык генерал Дуглас Макартур жетектеген коалиция аскерлери Пусан шаарына десант менен түшүп, түндүк кореялык аскерди Түштүк Кореянын аймагынан сүрүп чыгарган. Бирок Пхеньянга жардамга Кытайдан 180 миң аскер жиберилген жана найтыжада эки мамлекет ортосунда 1953-жылдын июлунда ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөн, чек ара болсо Панмунчжон шаарынын алдынан өткөн.

Бирок жалпы тынчтык келишими эмгиче жок. Эксперттердин айтымында, эгер андай келишим түзүлсө, ага АКШ менен Кытайдын өкүлдөрү дагы кол коюуга тийиш.

XS
SM
MD
LG