Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:16

3-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Муратбек Кожобеков 1847-жылдын 3-октябрында кыргыздардын башкы манабы Жантай Карабеков Сибирь казактарынын чекара начальниги генерал-майор Н. Вишневскийге кат жолдогон. 1884-жылдын 3-октябрында биринчи жолу Кыргызстанда орус-тузем мектеби ачылган.

1847-жылдын 3-октябрында кыргыздардын башкы манабы Жантай Карабеков Сибирь казактарынын чекара начальниги генерал-майор Н. Вишневскийге кат жолдогон. Жантайдын катында кыргыздар Кененсары султанды колго түшүрүп, өлтүргөндүгү жана аны орус бийлигине жибергендиги айтылат. Орус бийлиги Кененсарынын жазалангандыгы үчүн кыргыздарга урмат көрсөтүп, сыйлык берген. Башкы манап орус бийлигинин сыйына ыраазычылык билдирип, колдон келген кызмат жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. Катты Жантай Карабековдон тышкаары Калыгул Алибеков, Калча Исенбеков, Кожобек Таштанбековдор кол коюп, мөөр басып күбөлөндүрүшкөн.

1862-жылы Чүй өрөөнүнүн кыргыздары Алатоо аскер округунан Россия империясынан букаралык сурап кайрылган. Алар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыгарышып, мындагы хандык бийлик башчысын өлтүрүшүп, Пишпектеги Кокон хандыгынын чебин курчап алышкан. Чүй өрөөнүнүн кыргыздары хандык менен күрөшүүдө жеке кыргыздардын күчү жетпестигин туюшуп, жардам сурап орус аскер жетекчилигине кайрылышкан. 1862-жылдын бу күнү орус аскерлери Верныйдан чыгып, Пишпекке багыт алышкан.

1884-жылдын 3-октябрында биринчи жолу Кыргызстанда орус-тузем мектеби ачылган. Ал Пишпек уездине караштуу Токмоктун жанындагы Каракунуз кыштагында жашаган дунган балдарын окутууга багытталган. Мектепте негизинен өспүрүм балдар окушуп, алар орус тилин, грамматикасын үйрөнүшкөн.

1954-жылдын бу күндөрү борбордук № 10-мектеп окуучулары, тарых мугалими Николай Черкасов менен биргелешип окуу жайдын короосунан артиллериялык ядро жана найза сыныктарын табышты. Археологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, согуш куралдары 1860-жылы орус аскерлеринин Кокон хандыгына тиешелүү Пишпек чебине чабуул маалында калтырылган.

Бу күнү, 1762-жылы Екатерина II такка отуруп, 1906-жылы чукул жардам үчүн эларалык SOS сигналы кабыл алынып, 1993-жылы Россиянын Верховный Совет жактоочулары Останкино телемунарасын басып алууга аракет жасашып, 1800-жылы америкалык тарых атасы, окумуштуу Джордж Банкрофт, 1837-жылы орус педагогу Петр Лесгафт, 1849-жылы орус астроному, Казань обсерваториясынын негиздөөчүсү Дмитрий Дубяга, 1867-жылы француз сүрөтчүсү Пьер Боннар, 1889-жылы немец журналисти, Нобель сыйлыгынын лауреаты Карл фон Осецкий, 1895-жылы теңдешкиз акын Сергей Есенин, 1935-жылы советтик актер Армен Джигарханян жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG