Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

ЫСЫККӨЛДӨ ПРЕЗИДЕНТКЕ КЫМБАТЧЫЛЫК ЖӨНҮНДӨ СУРОО БЕРДИРИШКЕН ЖОК


Президент Курманбек Бакиев Ысыккөл районунун Чоңөрүктү айылындагы мектептин ачылышына катышып, ашкана менен бөлмөлөрүнө керектүү жабдыктарды тапштырды. Бирок бул мектептин курулушуна биринчи салым кошкон депутат Ташкул Керексизовго сөз берилбегенин эл ар кандай кабылдады.

Ысыккөл районунун акыркы айылы болгон Чоңөрүктүдөгү мектеп мындан 83 жыл мурда курулгандыктан, 1989-жылы жаңы имараттын сары дубалы көтөрүлүп, токтоп калган эле. Өткөн жылы бул аймактын Жогорку Кеңештеги депутаты Ташкул Керексизов эски жана өрткө кабылган тирөөч менен турган мектепте окуган балдардын коопсуздугун козгоп, жаңы мектепти бүткөрүү демилгесин баштап, ага бир миллион сом берген. Андан кийин өкмөт жана облус дагы кошумча кылып жалпы 7 млн. сомдон ашык каражатка мектеп курулуп бүттү.

2-октябрда президент Курманбек Бакиев бул мектепти ачып, керектүү эмерек жабдыктарын тапшырды. Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев чогулгандарга кайрылып, “мени депутаттыкка шайлабасаңар деле облустан 5 миллион сомдой акча бердим” деп, шайлоого атсалышкандагы атаандашы Ташкул Керексизовдун салымын да белгилебей, сөз да бербей койгону элге башкача маанай жаратты. Аңгыча Керексизовдун жардамчысы Лидия Бравко трибунага чыгууга камынды эле, депутаттын жубайы Үпөл айым аны токтотуп койду. Тургундар ошондой эле дан-азыктардын кымбатташы боюнча суроо бердиртпей койду деп нараазы болушту:

- Ундун бир мүшөгү 1500 сом болуп атат, буудайдын килограммы 15 сомго чыкты. Элге кыйын эле болуп атат. Орозо бүткөндө эл нааразылык акциясына чыгышы мүмкүн. Мисалы айыл жергеси биз чыдайбыз, башка эл чыдабайт да.

Алик Кыштобаев, Улук Эгинбаев аттуу жашоочулар ушундай десе, дагы бирөө референдум өткөрүүгө бөлүнгөн каражат элдин социалдык абалына жумшалса болмок деген ойдо:

- Бир чети рефрендумга барабыз, бирок ага да акча бөлүнөт да. Эл ушундай жакырчылыкта жашап атса кандай болот, - деген Чоңөрүктү айылынын тургуну Болот Байзаков президенттин жер-жерлерди кыдырып атканы элди референдумга чакырык жасаган кадамы деп эсептейт.

Ошентип элеттиктер 83 жылдан кийин биринчи жолу жаңы мектепке эгедер болгонуна маңдайы жарыла сүйүнүп каниет кылгандын ордуна өлкөбүздүн өз элине камкордук кылып коргоого чамасы келбей калды дешет экен:

- Бензинди, үрөндү сурабайбыз, өзүбүз айдайбыз. Мамлекеттен эч жардам жок, жардам деле күтпөйбүз. Эл өз жашоосун ушинтип сыпаттайт.

Президент өз сапарын Аксуу районуна улап, Теплоключенкодогу маданий спорт комплексинин ачылышына катышып, Каракол шаарындагы облустук драм театрына чогулган шаардын жана Түп райондорунун активи менен конституциялык реформа боюнча сүйлөштү. Андан кийин Чолпонатадагы резиденцияда эс алып, 3-октябрда кайра Бишкекке кайтат.

XS
SM
MD
LG