Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

РЕФЕРЕНДУМ АШКАЗАН АРКЫЛУУ ӨТӨБҮ?


Бизде шайлоочулар добушун жүрөгү аркылуу эмес, ашказаны аркылуу берет. Эгер 21-октябрда Кыргызстандын эли референдумда жаңы Конституцияны жактырып добуш берсе көп нерсе өзгөрөт. Маселен ЖК депутаттары буга чейин 75 болсо мындан ары 90 болуп калат деп жазган «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити айрым жарандарга суроо салат. «Жарандык платформа» бейөкмөт уюмунун жетекчиси А.Мамасалиев, элдин добушуна коюлуп жаткан Башмыйзам долбоору менен шайлоо жөнүндөгү Кодексти идеалдуу деп айтуу али эрте экендигин, бирок бул чечим кандай болгон күндө дагы бүтпөй келаткан саясый кризистен чыгуу жолу болгондугун, Кыргыз-Орус университетинин стратегиялык анализ жана болжолдоо иниститутунун деректири А.Салиев, партиялык тизме аркылуу шайлоо өлкөдөгү көп улуттуу эл өкүлдөрүнүн да депутат болушуна шарт түзөрүн, ошондой эле аялдар менен жаштарга да жол ачылганын, «Саясат, дин жана коопсуздук» изилдөө борборунун эксперти А.Наматбаев, рефрендумдан кийин азыркы парламент тарарын, эми атаандаш эки тарап өз өзүнчө коалицияларга биригерин, бирок президентти жактаган тарап абсолюттук жеңишке жетерине ишенбестигин, референдумга аз эле убакыт калганын, ошондуктан Кыргызстандын саясый күчтөрү добушка коюлуп жаткан Констиутуцияга алымча-кошумчаларды киргизип калганга үлгүрүшү зарылдыгын айтып жооп беришкен.

Окурмандарыбыздын эсине сала кетели: ушу тапта ырасмий каттодон өткөн 104 партия бар. Байкоочулардын айтымында Т.Тургуналиевдин «Эркиндик», Ү.Сыдыковдун «Жаңы Кыргызстан», А.Атамбаевдин «Социал-демократиялык партиясы» жана президенттин иниси Ж.Бакиевдин «Эмгек жана биримдик партиясы» президент К.Бакиевдин партиясы катары шайлоого чыкса, ага аттаандаш болуп Ф.Кулов башында турган «Ар Намыс», Ө.Текебаев, Б.Шерниязов башында турган «Ата Мекен», К.Байболов, Б.Бешимов, Т.Сариев, К.Иманалиев башында турган «Ак шумкар» жана «Кыргызстандын жашылдар партиясы» аттанмакчы.

Ушул эле гезит салык Кодекси үч жылдан бери талкууланып бүтпөй койгонун, өкмөт тарап менен ишкер тараптын экөөнү тең канааттандыра турган жол табылбай келатканын, минтип пайдасыз талаша берүүдөн көрө эларалык тажрыйбаларга же орустардын вариантына таянып көрүшсө болбойбу, салык маселеси ушунтип сайга аркандала берип, эки ортодо Кыргызстандын ишкерлери бизнестерин же бөтөн өлкөлөрдө иштетүүгө, же көмүскө иштетүүгө аргасыз болуп жатат деп жазды.

Кыргызстан электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстанга, Кытайга эксопрттоп турган, бул жагынан бир топ эле сөөлөттүү өлкө. Бирок тагдырдын тамашасын караңыз, мына ошол 1200 мегаваттык Токтогул ГЭСинин жанында турган бир айылда электр шамы жок. Нарын дайрасынын жээгиндеги бул айыл Кызыл Бейит деп аталат. Цивилизациядан бар болгону 300 чакырым алыстыкта турат. Үйлөрүнүн шыптарында лампочканын аты-жыты тургай изи жок. Анткен менен ар бир үйдө керосин менен күйө турган кара чырак бар. Жазында дайра менен агып келип жээкке чыгып калган агындыларды отунга чогултуп алып, бирин- экин эчки багып, Нарындан балык кармап жешет. Бир карасаң бул жерде 70 жыл жашап кыйраган совет бийлиги да, андан кийин келип жашап жаткан 16 жылдык эгемендик да такыр болбогондой, баары илгерки калыбында. Айылды араласаң Х1Х кылымга түшүп калгансыйсың. Ал эми ХХ1 кылым ошол эле айылдан бар болгону 300 чакырым гана алыстыкта, күндүр-түндүр гүү-шаа түшүп агып жаткан Бишке-Ош канжолунда жатат… деп баяндады гезит.

«Дело №…» гезити Кыргызстанда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин инисине жана «матрешка-гейт» чатагына арналган кино тартылып жатканын партиянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө шилтеме кылуу менен кабарлады. Кинотасма «Эки тагдыр» деп аталат. Картинанын максаты- бир эле коомдо жашап турган, бирок бирдей эмес даражадагы эки адамдын тагдыры кандай болорун чагылдыруу. Анын өзөгү катары Текебаевге каршы «матрешка-гейтти» уюштурган катары шектелип жүргөн Жаныбек Бакиев менен депутат Ө.Текебаевдин иниси Алмаз Текебаевдин тагдыры алынган. Даректүү фильм мына ушул эки адамдын: бири-өлкө президентинин бир тууган иниси болгондугуна байланыштуу кантип кудуреттүү адамга айланган, экинчиси- Кыргызстандын катардагы жараны, мамлекет башчысынынын саясатына макул болбой келаткан адамдын инисинин кантип азапка түшкөн тагдырын жанаша койуу менен мамлекеттик бийликтин моралын, соттук-укуктук системанын өзүмбилемдигин жана ирип-чирип бүткөнүн, өлкөдөгү мыйзамдардын кантип сакталып, адам укугунун кантип тепселип жатканын көрсөтүү болуп саналат деп жазды гезит.

Гезит ошондой эле 1993-жылдан тартып жыл сайын бир эле судьяга мамлекет 1 миллион 390 миң сом жумшап келгенин, судьяларга жумшалган жалпы каражаттын көлөмү 76 миллион 754 миң сомго жеткенин кошумчалаган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG