Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:49

«СОДРУЖЕСТВО» ПАРТИЯСЫН ОРУСИЯ КАРЖЫЛАЙБЫ?

3-октябрь күнү «Эр айдоочу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатов маалымат жыйынын куруп, коопсуздук кызматтарына «Содружество» партиясынын каржы булактарын текшерүү керектигин эскертти. Анын ырасташынча партияны Орусия каржылап жаткан болушу мүмкүн, партия жетекчилери даорус жарандары, ал эми региондордогу өкүлчүлүктөрү коротуп жаткан каражаттын көлөмү шектенүүнү жаратпай койбойт. Партия мүчөлөрү мындай билдирүүлөрдү катардагы ушак-айың катары баалашканы менен жетекчилиги азырынча үн ката элек.

«Эр айдоочу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатовдун айтымында, мыйзам боюнча бир дагы чет өлкөнүн жараны саясий партияларга кирип, өлкөнүн саясатына кийлигишүүгө акысы жок. Ал эми «Содружество» партиясынын жетекчилери Орусиянын жарандары болгонуна карабай саясий партия түзүп, өлкө саясатына активдүү киришип жатканы, алардын аркасында өтө кубаттуу күчтөрдүн турганын билдирип турат. Партиянын региондогу өкүлдөрү коротуп жаткан акча көлөмүнүн суммасы да шектенүүнү туудурат, буларды коопсуздук кызматтары текшерүүсү керек эле дейт ал:

- Ысыккөл, Нарын, Талас облустарында болуп келдим. Ошол жердеги элдер ““Содружество” деген партия эмне партия, булар кандайча эле акчаларынын баарын чачып атат, бай, белек-бечкектерин берип атат” дешти. Анан иликтеп көрсөм региондордогу координаторлору 500 доллардан акча алышат экен. Алардын лидерлери Аркадий Гладилов, Нефадьев деген Орусиянын жарандары болуп атат. Башка өлкөнүн жарандары биздин мамлекеттин саясатына киришүүгө эч качан укугу жок.

Ошондой эле анын ырасташынча Кыргызстандын коопсуздук кызматтары, Адилет министрлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы башка өлкөнүн жарандарынын катыштыгы бар партиянын ишмердүүлүгүнө көз жумуп жаткан соң, аларды Москва катуу колдоп жатышы ыктымал. Ал эми “Улуу биримдик” улутчул демократиялык партиясынын төрагасы Эмил Каптагаевдин пикиринде, чынында эле Кыргызстандагы бардык партиялар шайлоо болору айтылып жаткан соң текшерилиши керек. Анткени, мыйзамда партиялар чет элден каржыланбоосу тууралуу жана чет өлкөнүн жарандары партиялык иштерге аралашпоосу керектиги жазылган:

- Негизи эле партиялык тизме аркылуу шайлоо, партиялык түзүлүш деп аткандан кийин текшерип коюш керек. Конституцияда, шайлоо кодексинде, долбоорлордо дагы көрсөтүлгөндөй, партияларга башка өлкөнүн жарандары мүчө боло албайт жана аларды чет өлкөлөр каржылабоосу керек. Ушул эки жагдай боюнча менимче чынында бардык партиялар текшерүүдөн өтүшү керек.

“Содружество” партиясынын жетекчилери азырынча мындай олуттуу айыптоолорго жооп кайтарбай үнсүз турушат. Партиянын активдүү мүчөлөрүнүн бири Нурдин Дүйшөнбековдун айтымында, партияга карата катуу айыптоолор болуп айткандан кийин ал текшерилиши керек. “Бирок, партия таза болуп чыкса айыптап чыккан киши жооп бериши керек”,- дейт ал:

- Текшерсе текшерсин, андан корко тургандай эч нерсе жок. Мүмкүн Качкын Булатовдо Улуттук коопсуздук кызматынан да көп маалымат бардыр. Маалыматты каяктан алып атканын, өзүнүн каяктан каржыланып атканын деле текшерсе болот. Бирок, туура эмес болуп калса, анын да жоопкерчилиги бар. Бул жөн нерсе эмес, келип алып бир кишини да эмес, чоң эле элге белгилүү партияны шыбап, жалган жалаа жаба бергидей.
Куржундар
XS
SM
MD
LG