Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

ПУТИН БИЙЛИКТЕ КАЛГАНДАН РОССИЯ ҮЧҮН КАНДАЙ КОРКУНУЧ БАР?


Президент Путин “Бирдиктүү Россия” партиясынын шайлоо тизмесин баштайт. Путин кремлчил партиянын курултайында премьер- министр болууга макул экенин да билдирди. Айрым серепчилер бул кадам “Бирдиктүү Россияга” декабрда болчу парламенттик шайлоодо 70 проценттен ашуун добуш алууга мүмкүндүк берет деп боолгошот. Путин премьер- министр болсо, анда ал келерки жылдын мартында экинчи президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте кала берет. Путиндин береги кадамы тууралуу Россиянын оппозициячыл партияларынын лидерлери эмне дешет?

Никита Белых- эки жыл мурда уюшулган Оңчул күчтөр союзу- СПСтын Саясый кеңешинин төрагасы. Эркин экономика саясатын жактаган партиянын уюткусун технократтар менен кесипкөй- адистер түзөт. Белых Путиндин кремлчил партиянын шайлоо тизмесин баштап берүү чечимин жактайт:

- Азыркы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Путиндин чыныгы статусу юридикалык формага ээ болду.

Оппозициядагы Бирдиктүү жарандык фронттун лидери, атактуу шахматчы Гарри Каспаров 2- декабрдагы шайлоону Путинге падыша сыяктуу ишеним көрсөтүү боюнча референдум деп түшүнөт:

- Биз муну парламенттик шайлоо эмес, Путинге, падышага ишеним көрсөтүү референдуму деп баалайбыз. Ошон үчүн 2- декабрдагы нукура референдум шайлоонун маанисин жокко чыгарат.

Каспаровдун пикиринче, Путин бийликте калып, мурдакы Германия демократиялык республикасындагыдай бир партия үстөмдүк кылган системаны курмакчы:

-Путин бийликте калып, кырдаалды контролдоп турууну чечти. Ал саясый эрөөлдөрдө өзүнө жакын лагердин тарабын алат. Мурдакы президент Ельцин мындай кылган эмес. Ельцин президентти бардык россиялыктардын атасы катары көргөндүктөн, ал саясый жараяндарга түздөн түз катышкан эмес. Путин, менин оюмча, мурдакы ГДРдегидей бир партиялуу диктатураны түзөт.

“Яблоко” 12 жыл мурда пайда болгондон тарта бийликке оппозицияда. Партия жеке адамдын укугу, мыйзамдын үстөмдүгү сыяктуу баалуулуктарды туу тутат. “Яболоконун” башчысы Григорий Явлинский Путиндин шайлоо тизмесине кирүүгө макулдук берүүсү- Сталин доорундагыдай кулдук уруулар менен өткөнү коом үчүн зыяндуу деп санайт:

- Бул эгер өзүнчө саясатка айланып, “Бирдиктүү Россиянын” бөлүмдөрү өлкөнү башкаруучу система болуп калса, анда окуя өтө олуттуу жакка оойт.

Посткоммунисттик Россиядагы эң биринчи партия- ЛДПРдин төрагасы Владимир Жириновскийдин сөзүнчө, “Бирдиктүү Россия” элдин добушун алуу максатында Путинди өз шайлоо тизмесине кошкон:

- Алар эми 45 процент ишенимди акташат. Путинсиз алардын рейтинги 25 процент эле. Эми алар чоң кыйынчылыктар менен добуштардын теңине ээ болушат. Калган жарымы оппозициядагы ЛДПР менен КПРге тиет. Экинчи бийликчил партия түзүлбөй калгандыктан, “Адилеттүү Россия» эч кандай добушка жетпей калышы мүмкүн.

ЛДПР улутчул жана күчтүү борбордук башкарууну жактаган партия. Левада борбору өткөн айда өткөргөн изилдөө боюнча, ЛДПР шайлоодо добуштардын 11 процентин, СПС менен “Яблоко» ар бири эки проценттейин гана алышат.

XS
SM
MD
LG