Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

ТҮШТҮК КАВКАЗ КӨБҮРӨӨК КӨҢҮЛ БУРУУНУ ТАЛАП КЫЛАТ


2-октябрда Еврошракеттин Брюсселдеги баш кеңсесинде Түштүк Кавказдагы акыбал боюнча угуулар өткөрүлүп, бул региондогу саясатка шаркет көбүрөөк көңүл буруусу керек, деген пикир айтылды.

Угууларда Еврошаркеттин Түштүк Кавказдагы атайын өкүлү Питер Семнеби региондо жайгашкан Армения, Азербайжан жана Грузиянын тарыхы орток болгону менен баары тең өзүн өңгөлөрдөн артык көргөн улутчулдуктун туткунунда кала берип жатканын, үчөөнүн башын советтик система да кошо албагынын айтты. Бул кемчиликти жойуу Еврошаркеттин колунан келет, деди дипломат.
Семнебинин айтымында, өлкөлөрдүн өзүлөрүнүн ичиндеги аттандаштыкты жаңы иденттүүлүк жойо алат, бул европалык болуу, Европага таандык болуу иденттүүлүгү. Ал чачкын регионду бириктирген катализатор болуу керек, ан үчүн чөлкөмдөгү өлкөлөр жаңы иденттүүлүк орток кызыкчылыктарга эле эмес, орток асыл- нарктарга негизделерин түшүнүүсү абзел, деди дипломат.

Семнеби Грузияны региондун эң өнүккөн өлкөсү деп эсептейт, бул өлкөнүн НАТОГО жана Еврошаркетке кирүү дымагы жогору. Ошону менен бирге эле ал анын ички иштерине кийлигишүүгө аракеттенип жаткан Россия сыяктуу тышкы ойунчулар үчүн өтө сезимтал өлкө.

-Бул жерден орус-грузин мамилелериндеги чыңалуу күчөп баратканын камтамачылык менен айта кетмекчимин. Россиянын Грузияга каршы киргизген санкциялары, Абхазия жана Түштүк Осетиянын чек араларында орун алган окуялар буга күбө,- деди Семнеби.

Дипломаттын айтымында, Абхазия жана Түштүк Осетия козголоңчул региондор менен байланыштуу жаңжалдар, Россияда парламенттик шайлоо жакындап бараткан сайын, бейпайга салуучу фактор болуп баратат.

Бул жерден дипломат расмий Тбилисинин Түштүк Осетиянын өкмөтүнө атаандаш өкмөт түзүү аракетин кескин сындап, Еврошракет Цхинвалидеги де факто өкмөт менен иш жүргүзө турганын баса белгиледи. Ошону менен бирге эле Еврошаркет Грузияга бейпилдик аскерлерин жибербей турганын жана Түштүк Осетиянын Биргелешкен Көзөмөлдөө комиссиясына жакынкы келечекте толук мүчө боло албасын кыйытты.

Грузиндерге Еврошаркетке каттоо үчүн да жеңилдиктер берилбейт шекилденет. Эскерте кетели, Россияга мындай жеңилдиктер берилди, аны менен кошо мындай жеңилдиктерге Абхазия менен Түштүк Осетия козголоңчул республикаларынын орус паспорту бар жарандары да ээ болду.

Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабак жаңжалы жөнүндө сөз кылып, дипломат эки жумурияттын аскерлеринин куралдуу кагылыштары басылбай жатканын, абал курчуп кетиши ыктымал экенин эскертип, Минск тобунун жаңжалды жөнгө салуу аракеттери күчөтүлө турганын билдирди. Ал ошондой эле Азербайжандагы адам укуктарынын абалына токтолуп, республиканын энергия ресурстарына кызыккан Европа андагы укук бузууларга көз жуумп койо албасын эскертти.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG